Беш-Теректопоним. Валиханов жазып алган эпизоддо:

Кыл-Эртиштин башына,

Беш-Терек менен ашамын.

Жоргонун суусун кечемин,

Хандын тоосун ашамын.

Молдоторгой басамын (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 83-б.),— деп Көкөтөйдүн ашын бергени бараткан Бокмурундун көчү басып өтүүчү жерлердиң бири катары эскерилет. Аталган топонимдер Чыгыш Казакстандагы жер-суу аттары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4