Бикбулатова, Аниса Рифовна

Аниса Рифовна Бикбулатова (1969) – кыргыз тарыхчы жана этнограф айымы. Түпкү теги татар. Тарых илимдеринин кандидаты.

Этнограф Аниса Рифовна Бикбулатова. Бишкек ш., 2012-жыл.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Аниса Рифовна Бикбулатова 1969-жылы 9-майда Кыргызстандын Чүй облусундагы Кант шаарында туулган.

1986-жылы Чүй облусунун Кант районундагы (азыркы Ысык-Ата районундагы) К.Маликов атындагы орто мектепти күмүш медал менен аяктаган.

1991-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетин артыкчылык менен аяктаган.

1993-2000-жылдары Кыргыз Өкмөтүнө караштуу "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын илимий иштер боюнча бөлүм башчысы кызматын аркалаган.

2003-жылы кандидаттык диссертациясын Бишкек шаарында Кыргыз УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунда ийгиликтүү коргогон.

Ушул тапта ал Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Археология жана этнология кафедрасынын башчысы болуп эмгектенет.

Илимий ишмердиги түзөтүү

2 илимий монографиянын, 50дон ашуун илимий макалалардын автору.

2004-жылы “20-кылымдын 80-жылдарынын акыры – 90-жылдарынын башындагы айылдык кыргыз айымдарынын социалдык-маданий бейнеси (өтносоциологиялык сурамжылоолордун материалдарынын негизинде)” (орусчасы – “Социально-культурный облик кыргызских сельских женщин в конце 80-х начале 90-х гг. ХХ века (по материалам этносоциологического опроса)”) деген аталышта илимдин кандыдаттыгы үчүн диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты даражасын алган.

Учурда ал “Кыргызстандагы татарлардын этностук-маданий өнүгүшү” (“Этнокультурное развитие татар Кыргызстана”) деген темада доктордук диссертацияны жазуунун үстүндө иштөөдө.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

2012-жылы 11-февралда “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин Уюштуруу жыйынына катышкан.

Бир катар тренингдерди жүргүзгөн.

Эмгектеринин чакан тизмеси түзөтүү

  • Татары Кыргызстана / Отв.ред. А.Асанканов. – Бишкек, 2018.
  • Кыргызская сельская женщина / Отв. ред. А.Асанканов. - Б., «Шам» 2005. - 128 бет. - ISBN 9967-10-231-4.
  • Социально-культурный облик кыргызских сельских женщин в конце 80-х начале 90-х гг. ХХ века (по материалам этносоциологического опроса): Автореф. дисс... канд. ист. н. – Бишкек, 2003; ж.б.
  • Конфессиональный компонент этнической идентичности татар Кыргызстана // ОшМУ Жарчысы. – Ош, 2016. – № 3. ¬ 1-чыгарылыш. – Б. 93–96. -–– URL: https://www.academia.edu/34491629 /Ош_мамлекеттик_университетинин_жарчысы_3_1-_чыгарылыш
  • Кыргызская сельская женщина в системе искусства // Известия НАН КР. – Бишкек, Илим, 2003.- №1. - С. .
  • Роль телевидения и радио в системе досуга кыргызских сельских женщин в конце 1980-х начале 1990-х годов // Этносоциологический очерк. – Бишкек, 2003. – Вып. II. - С. .
  • Музыкальные ориентации кыргызских сельских женщин в конце 80-х начале 90-х гг. (на материалах этносоциологических исследований) // Вестник КГПУ им. И. Арабаева. Материалы междунар. науч.-практ.конф. – Серия: История. - № 3. – Б., 2003.-С. .
  • К характеристике демографического положения татар Кыргызстана // Этносоциология в России: научный потенциал в процессе интеграции полиэтнического общества: Материалы международной научно-практической конференции, Казань, 26-28 июнь 2008 г. – Казань: Институт истории им. Ш.Марджани АН РТ, 2009. - С. 124-129.
  • Формирование татарской диаспоры в Кыргызстане // Журнал "Евразия". - Россия-Кыргызстан: на пути к интеграции. - Часть 1. - М., 2010. - С. .
  • Трансформация положения кыргызских женщин // Молодая семья стратегический ресурс России: Материалы II Байкальского молодежного форума. - Улан-Удэ, 2011. - С. .
  • Читаемость эпоса «Манас» среди сельских кыргызов // Алп манасчы: Тезистер жыйнагы. – Б.: «Кыргызстан», 1995. - С.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү