Археология жана этнология кафедрасы, КУУ

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Археология жана этнология кафедрасы – 1978-жылы ачылган кафедра. Анда Кыргызстандагы археолог жана этнолог адистердин көбү таалим алган. Мурдагы аталышы – “Археология жана этнография кафедрасы”. Ушул тапта анда 9 окутуучу эмгектенет.

Кафедранын тарыхынан түзөтүү

Кыргызстан элинин тарыхын жана маданиятын окуп үйрөтүүчү өзөк болуп археология жана этнология дисциплиналары болуп эсептелет. Биздин республиканын территориясындагы таш доорунан бүгүнкү күнгө чейинки элдердин материалдык жана руханий маданиятын окуп үйрөтөт. Бул сабактарга тарых факультети ачылгандан баштап эле өзгөчө көңүл бурулган жан алгачкы жылдары археологиялык изилдөөлөргө басым жасалган.

Ал иштер Б.М.Зиманын (Зимма) жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. М.В. Фрунзе атындагы Кыргыз педагогикалык институтунун археологдорунун ишин А.Н.Бернштам жогору баалаган.

Согуштун алдында тарых факультетинин студенттери Кыргыз ССР өкмөтүнүн алдындагы илим комитетинин жана СССР Илимдер Академиясынын материалдык маданият тарыхы институтунун экспедицияларына катышкан. Алар тарабынан сейрек кездешүүчү археологиялык эстеликтер сакталып калынган. Ошентип Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле тарых факультетинде республиканын байыркы мезгилин изилдөө боюнча негиз түзүлгөн.

Согуштан кийин факультеттин окутуучулары жана студенттери археологиялык эстеликтерди изилдөөнү Б.М.Зиманын, Д.Ф.Винниктин П.М.Кожемяконун жана И.Кожомбердиевдин жетекчилиги астында улантышкан.

1976-ж. «СССРдин тарыхий жана маданият эстеликтерин сактоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле «Кыргыз ССРинин тарых жана маданият эселиктерин сактоо жана пайдалануу жөнүндөгү» мыйзамды Кыргыз ССРинин өкмөтү 1977-жылы 30-декабрда кабыл алган. Бул документтер Кыргыз ССР Илимдер Академиясына жана жогорку окуу жайларына биздин республикадагы байыркы мезгилдерден тартып жашап келе жаткан элдердин материалдык жана рухий маданият эстеликтерин ар тараптан изилдөө милдетин койгон.

1978-ж. биздин университетте профессорлор Б.М.Зима жана Б.Чокушевдин демилгеси менен археология жана этнография кафедрасы ачылган.

Кафедранын алгачкы башчылыгына профессор Аттокуров С.А. дайындалган. Кафедра студенттерге археология жана этнография боюнча билим гана бербестен, аталган тармактар боюнча кадрларды даярдоонун жападан жалгыз борбору болгон.

Кафедраны ар кайсы мезгилдерде т.и.д. проф. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө корреспонденти Асанканов А.А., т.и.д. проф. Федоров М.И., т.и.к. проф. К.Ш. Табалдиев, доц. Москалев М.И., т.и.к., доц. Тунтеев Н.С. жетектешкен. Азыркы мезгилде (2007-жылдан тартып) кафедраны т.и.к. доц. А.Р.Бикбулатова жетектөөдө.

Кафедра түзүлгөндөн тарта студенттерге билим берүү менен катар илимий изилдөө иштерин да жигердүү жүргүзүп келе жатат.

1980-ж. С.А.Аттокуровдун жетекчилиги астында Нарын археологиялык экспедициясы түзүлөт. Анын ишине кафедранын бардык мүчөлөрү, кафедрага адистешкен студенттер катышкан. Кийинки жылдарда экспедиция түштүк региондо да изилдөө иштерин жүргүздү. Экспедициянын иши 1990-ж. чейин уланган.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын археолог тарыхчылары жана биздин кафедранын мүчөлөрү Кыргыз элинин археологиясы, тарыхы, архитектурасы, жана согуш өнөрү тууралуу бай материалдарды чогултушту.

Кафедранын илимий изилдөө иштери түзөтүү

1986-89-ж. А.Асанкановдун демилгеси менен эки жыйнак: «Вопросы истории материалңной и духовной кулңтуры Киргизстана», «Актуальные вопросы этнографии и археологии Киргизии» болуп басылып чыккан жана тарых факультетинде археологиялык жана этнографиялык музей ачылган. Ошол жылдарды кафедранын демилгеси менен Кыргызстандын тарыхий жана маданият эстеликтеринин жыйнагын түзүү боюнча иштер жүргүзүлө баштаган жана азыр да ал иштер уланып жатат.

1991-ж. «Кыргыздардын социалдык маданий өнүгүшү» деген программа боюнча Асанканов А.А. Кыргызстанда кеңири этно-социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө 7000 киши суралган. Анын натыйжасында докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган жана монографиялар жарык көргөн

  • Жоошбекова А.Р. «Социально-культурное развитие средних городов Кыргызстана» (2003).

1988-2000-жж. кафедранын археологдору жана этнографтары Алай районунда иш жургузушту. Археологдор Кун-Элек айылынын жанында Тунук көрүстөнүн казышты. Этнографтар Токтакунова Э. жана Султаналиева Н. элдик календарң, материалдык жана рухий маданият боюнча талаа материалдарын чогултушту.

2004-2005-жж. этнографтар талаа материалдарын чогултууну улантышты жана анын негизинде кандидаттык диссертацияларды ийгиликтүү жакташты.

1980-ж. тартып проф. Н.М.Федоров жана т.и.к. К.Ш.Табалдиевдин жетекчилиги астында, доц. М.И.Москалев, ага окутуучу О.А. Солтобаев катышуусунда Ички Тянь-Шандын археологиялык эстеликтерин ар тараптан изилдөө жүргүзүлгөн.

Ошол эле жылдары Кошой-Коргон шаар чалдыбарын изилдөө улантылган. Натыйжада 2007-ж. Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында «Кошой-Коргон» археологиялык-этнографиялык музей комплекси ачылды.

«Кошой-Коргон – древний город Атбаш» монографиясы кайра басылды. Бул жерде иш дагы эле уланууда.

Кафедра түзүлгөндөн бери жогору квалификациялуу илимий кадрлардын бир нече мууну даярдалды. Эки докторлук диссертация даярдалып ийгиликтүү жакталды (Федоров Н.М. «Нумизматика караханидов» Новосибирск., Асанканов А. «Социально-кулңтурное развитие кыргызского селңского населения» Москва).

Андан сырткары кафедрада 5 кандидаттык диссертация даярдалып КМШ өлкөлөрүндө жакталды:

Мамбетова Ш. (Ураина г. Киев), Исаева Г. (Казахстан г. Алматы), Табалдиев К.Ш., Чаргынов Т.Т., Абдыканова А. (Россия г. Новосибирс). Кыргызстанда Жоошбекова А., Немещина Л., Бикбулатова А., Токтакунова Э., Кушубеков А., Султаналиева Н. ж.б. кандидаттык диссертацияларын даярдап ийгиликтүү жакташты.

Кафедрада даярдалган илимдин докторлору жана кандидаттары бардык окуу жайларда, илимий мекемелерде, чет өлкөлөрдө да эмгектенип жатышат.

Кафедранын эл аралык байланыштары түзөтүү

Кафедра жыл сайын илимий изилдөө ишине шыктуу студенттерге КР УИА аспирантурасына, Россия ИА Сибир бөлүмүнө, Улуттук университеттин аспирантурасына жолдомо берет.

Бүгүнкү күндө биздин кафедранын тематикалары боюнча Иванов С. (археология КР УИА), Мамытова А., Атанаева С., Сайпидинова К., Жанышов А., Миникеева А (этнология КУУ), Мураталиев Э. (археология, СО Российский АН) аспирантурада билим алууда.

Кафедранын мүчөлөрү биздин өлкөнүн жана чет өлкөлөрдүн окуу жайлары, илимий мекемелери менен тыгыз илимий байланыштарды түзүшкөн жана алар менен биргеликте илимий изилдөө иштери жүргүзүп келет.

Бүгүнкү күндө биз профессор С.Г. Кляшторный (Россия ИА Санкт-Петербург бөлүмү), Брыкина Г.А. (Россия ИА Археология институту), Бодо Анке (Германия), Тур С. (Алтай университети), Маргулан атындагы археология институту, Андре Буржо (Франция), Казан мамлекеттик университети, Татарстан Республикасынын ИА Этно-социология сектору, Чан Со-Хо (Түндүк Чыгыш Азия тарых Институту) менен тыгыз илимий байланышта иш жүргүзүп жатабыз.

Кафедранын окутуучулары өз квалификациясын жогорулатуу үстүндө такай иш алып барууда.

Доц. М.И.Москалев, ага окутуучу Кушубеков А. Москвада, ага окутуучу Солтобаев О. Египетте, доц. Бикбулатова А.Р. Казан университетинде, ага окутуучу Эралиев С.Н., окутуучулар Токтакунова Э, Орозахунова З., Атанаева С. Улуттук университеттин үзгүлтүксүз билим берүү борборунда өз билимдерин өркүндөтүшкөн.

Кафедрада мурда иштеген окумуштуулар түзөтүү

Кафедранын тарыхында үзүрдүү иштеген илимпоздор арбын болгон.

Алардын арасында кыргыз айымдарынын ичинен чыккан туңгуч этнограф Какен Мамбеталиева, археология боюнча бир катар сөздүктөрдү жарыялаган доцент Бейше Урстанбеков жана башкалар болгон.

Азыркы мезгилде кафедрада иштеп жаткандар түзөтүү

  • Асанканов А. – т.и.д., проф. УИА корр-мүчөсү.
  • Бикбулатова А.Р. – т.и.к., доц.
  • Кушубеков А.Т. – т.и.к., доц.
  • Эралиев С.Н. – ага окутуучу.
  • Солтобаев О.А. – ага окутуучу,
  • Орозахунова З.Ж. – окутуучу,
  • Атанаева С.Р. – методист.

Кафедрада студенттер археология жана этнология адистиги боюнча 13 дисциплинадан билим алышат.

Кафедранын мүчөлөрү студенттердин илимий изилдөө ишине чоң маани беришет.

Кафедрага адистешкен студенттер КР УИА, Россия ИА Новосибирскидеги Археология Институту, Казакстандын Түркстан университети тарабынан уюштурулган экспедицияларга, республикадагы жана чет өлкөлөрдөгү студенттик илимий конференцияларга активдүү катышууда. Көпчүлүк учурда студенттердин курстук, дипломдук иштери алардын келечектеги кандидаттык диссертациясына айланат.

Ошентип, кафедранын педагогикалык коллективи өзүнүн илимий-педагогикалык ишмердиги менен Кыргызстан элдеринин материалдык жана рухий маданиятын изилдөөгө татыктуу салымын кошуп келүүдө.

Кыскача адабият тизмеси түзөтүү

  • Вопросы истории материальной и духовной кулңтуры Киргизстана. - Фрунзе, 1986.
  • Актуальные вопросы этнографии и археологии Киргизии. - Фрунзе, 1989.
  • Бикбулатова А.Р. Кыргызская сельская женщина / Отв. ред. А.Асанканов. - Б., «Шам» 2005. - 128 бет. - ISBN 9967-10-231-4.



Интернеттеги шилтемелер түзөтүү