Бирмыскал"Манас" эпосунун кейипкери, Бурулчанын сырдаш курбусу, Айжаңжуңдун кызы. Алмамбет менен Бурулчанын убадалашканын, анын ушунча жыл Алмамбетти күтүп жүргөнүн Б. гана билет.

Алмамбет келип жолугарында көргөн түшүн да Бурулча Б-га айтат (Саякбай Каралаев, 2. 140). Манас жеңишке ээ болгондо Эсенкан Бурулча менен Б-ды баш кылып көп тартуу тартып, Манаска Чет Бээжиндин кандыгын берет. Б-ды Чубакка алып беришет. Бакай Бурулча менен Б-ды Таласка көчүрүп кетет (Саякбай Каралаев, 2. 160—162, 168).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4