Бишкек баатыр (Эр Көбөк уулу Бута) – (1700 – 1755-57-жж.) – XVIII кылымда жунгар (ойрот) баскынчыларына каршы согушта кыргыз армиясынын кол башчысы, Эл башы болгон. Ал Бердике баатыр, Эр Садыр баатыр, Итим баатыр, Сатыке баатыр, Жайыл баатыр, Түктүү баатыр, Атаке баатыр, Эр Солтоной сыяктуу кыргыз баатырларынын башын бириктирип, үлкөн армия түзүп, жунгар (калмак) аскерлерин кыргыз жеринен сүрүп чыгарууда зор салым кошкон. Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкек баатырдын наамын алып, Бишкек шаары аталып келет.

Бишкек баатыр
Эр Көбөк уулу Бута
Кыргыз армиясынын кол башчысы, Эл башы 1738-1745
Хан Бишкек (кара кыргыздардын ханы) 1745-1746
Эл башы, кыргыз армиясынын кол башчысы 1746-1757-58
 
Туулган жылы: 10 -август 1700(1700-08-10) (324 жаш)
Туулган жери: Тоскоол-Ата (Сары-Челек)
Уруусу: Саруу
Туулганда берилген ысымы: Бута
Атасы: Эр Көбөк баатыр (1670-1700)
Балдары: Атакиши, Алишүкүр, Аскербий, Кыдыр, Карлыгач, Балбийке, Шахмырза


Бишкек баатыр, 1700-жылдын баш оона айынын 10-күнүндө Аксы өрөөнүндө Тоскоол-Ата жайлоосунда (Сары-Челек) туулган. Ата-теги тарабынан барып Тилеке баатырга (1554-1620) барып кошулат. Учурда Кыргызстандын борбору Бишкек шаары Бишкек баатырдын ысымын алып жүрөт.

Бишкек баатыр

түзөтүү

Bishkek baatyr (чагатай тилинде)
Кыргыз армиясынын кол башчысы, Эл башы (1738-1745)
Хан Бишкек (кара кыргыздардын ханы) (1745-1746)
Эл башы, кыргыз армиясынын кол башчысы (1746-1757-58)
Мурдагы башчы так эмес
Кийинки башчы так эмес
Туулганы: 1700
Өлгонү: 1757-58
Уруусу: Саруу
Атасы: Эр Көбөк баатыр
Апасы: Ботокөз
Аялдары: Бибинур, Аймончок, Гүлжамал
Балдары: Атакиши, Алишүкүр, Аскербий, Кыдыр, Карлыгач, Балбийке, Шахмырза.
Неберелери: Устаүмөт, Идрис, Тайлак баатыр (жээн небереси), Алпаслан, Тоомырза, Айтек, Деңиз, Акбарс, Каган, Исхак, Гүлчечек, Таңсулуу, Майсара, Шакира, Акгүл, Тезай, Миңгүл.

Ойрот бийлигинин орношу (1399-1635)

түзөтүү

Ойроттор же батыш монголдор XVII-XVIII кылымдарда өзгөчө зор империя түзүшүп, Орус Падышачылыгынын жардамы менен далай чачыранды өлкөлөрдү, эң эле күчтүү эсептелген көчмөн элдерди талкалап, ошондой эле отурукташкан элдердин мамлекеттерин басып алышып, 80-жылдан 130-жылга дейре бийлигин жүргүзө алышкан.

Бул монгол тилдүү эл, 1399-жылдары Монгол империясы жоюлуп, күчү кеткен соң, батыш монголдордон турган төрт ойрот уруусу биригип (дербет, чорос, хошут, торгут), Дербен-Ойрот мамлекетин түзүп алышкан.

Кийинчерек, 1630-жылдары ойроттор, Биринчи орус падышасы Михаил Фёдорович Романовдун (1596-1645) сунушу жана колдоосу менен Орус Падышачылыгына баш ийбеген бир топ элди, тагыраак айтканда, түндүк кыргыз элин (бүгүнкү күндө алар башкыр, татар, алтай, тувин, хакас, телеут, якут (саха)), батыш кыргыздардын (кумык, шор, ногой, балкар, кара чай, азер) жана түштүк кыргыздардын – кыргыз, казак, кара калпак, өзбек, түркмөн элдерин дал мына ушул Дербен-Ойротторго тапшырма берип, ок-дары, мылтык жана замбиректер менен камсыз кылып багындырып, баш ийдирүүгө, ал тургай кырдырууга буйрук кылат. Орустун Экинчи Падышасы Алексей Михайлович Романов, Фёдор III Алексеевич (Пётр I нин улуу агасы), Улуу Пётр I, Елизаветта Петровна сыяктуу падышалары жана ханышасы Дербен-Ойротторго аскар-тоо, таяныч-жөлөк болуп беришип, Россиянын территориясын сөз жеткис кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүн алышат.

Дербен-Ойроттор үч үлкөн мамлекет түзүшөт: Эдил дарыясынын тегерегинде (Волга дарыясы), Хазар (Каспий) деңизине жакын Калмак хандыгы; Тибетти коргоп жана басып алган Хошут хандыгы жана Орто Азияны Кашкарга чейин багындырган Жунгар хандыгы. Кыргыздан чыккан алп баатырлар: Эр Эшим (кыргыз-казак, өзбекти башкарган баатыр), Курманбек баатыр, Бишкек баатыр (Эркөбөк уулу Бишкек), Бердике баатыр, Жайыл баатыр, Эр Садыр, Эр Солтоной, Даулет баатыр, Итим баатыр, Атаке баатыр, Түктүү баатыр жана казактардан – Кабанбай баатыр, Бөгөнбай баатыр, Аблай Хан, Раимбек баатыр, Есет баатыр, Өтөгөн баатыр сыяктуу эр азаматтар кыргыз – жунгар согуштарына активдүү катышып, ойрот баскынчыларын жеңүүгө өз салымдарын кошушкан.

Кыргыз-казак жана өзбек элдерине жунгар баскынчылары кол салып, 120 жыл бийлик кылышкан. Мындайча айтканда, Эрдени-Батур (1635-1653) Хунтайчиден баштап, эң акыркы Жунгар ханы Амурсанга (1755-1757) чейин.

Өмүр баяны

түзөтүү

Белгилүү кол башчы Бишкек баатыр 1700-жылы туулуп, 1757-1758-жылдардын аралыгында жашап өткөн. Ал Аксы өрөөнүндө Тоскоол-Ата жайлоосунда (Сары-Челек) баш оона айынын онунчу күнүндө, саруу уруусуна тиешелүү Эркөбөк баатырдын Ботокөз аялынан туулган.

Ата теги

түзөтүү
  • Атасы - Эр Көбөк баатыр (1670-1700)
  • Чоң атасы - Жапасур баатыр (1640-1699)
  • Бабасы - Кыркуул баатыр (1617-1675)
  • Кубаары - Көнөк баатыр (1576-1642)
  • Жотосу - Тилеке баатыр (1554-1620)

Бишкек баатырдын жотосу (5-чи атасы) – Тилеке баатыр – Кыргыздын саруу уруусунан чыккан баатыр, Аксы, Анжиян, Фергана, Чыгыш Түркстан, Бухара, Ташкент өрөөндөрүндөгү согуштарга активдүү катышкан. Кытай, Фарс, Шейбанилер (Бухар хандыгы) Искендер хан (1512-1583), Абдулла хан (1534-1598), Пирмухаммед хан (1550-1599) сыяктуу хандардын аскерлери жана моңгол жана могол элдерине каршы согушкан кыргыз аскерлеринин кол башчысы (1550-1610-ж.ж.) болгон.

Кубаары (4-чү атасы) – Көнөк баатыр ойротторго, Хива ханы (Хорезм мамлекети) Араб Мухаммед хандын аскерлери жана кытайлар менен согуштарга катышкан (Нурхаци падышанын (1559-1626) тушунда). Ал эми Сафевид мамлекетинин өкүлдөрү менен кээде тил табышса, башка учурларда, өзгөчө жер талашуу маселесине келгенде каршы чыгып, бул суфийлер негиздеген өлкөнүн аскерлери менен согушуп да турган. Көнөк баатырдын эң эле чоң эрдиги – бул анын ойрот баскынчыларына кыргыз жерлерин алдырбай коргоп келгендигинде. Анын ийгиликтүү согуштары, Анжиян-Аксы, Талас, Ош, Өзгөн, Кетмен-Төбө, Ысык-Көл, Чүй, Жети-Суу (азыркы Казакстан), Жети шаар (Кичи Бухар же Чыгыш Түркстан) өрөөндөрүндө өткөн.

Көнөк баатыр

түзөтүү

Көнөк баатыр – Кыргыз тарыхында жана санжырасында көрүнүктүү инсан. Кээ бир тарыхый булактарда аны Көнөк хан деп да эсептешет. Өз атасы Тилеке баатырды, кээ учурларда Жамаке деп да атап келишкени белгилүү. Бул анын ылакап аты. Башка версияларда Алтайда туулган атасы Саруу (Сары), бир топ жыл балалуу боло албай көкө Теңирден тилек кылып жүрүп, кырк жашка чыкканда балалуу болуп Тилеке деп атаган экен. Көнөктүн үч аялы болгон. Биринчи кыпчак уруусундагы аялынан төрт уул, үч кызы болгон:

  1. Кыркуул
  2. Тубай
  3. Төңтөрт
  4. Тогунай
  5. Эркелей
  6. Ырыс
  7. Айлу

Ортончу аялы, казактын Шыгай ханынын кызы Адеми. Андан бир уул, эки кыздуу болот. Уулунун атын Эшим деп коет. Эр Эшим же Эшим хан Орто Азияны толугу менен, андан сырткары Шибер (Сибирь) кыргыздары турган жерлерге чейин бийлигин жүргүзүп, үлкөн согуштарда, тагыраак айтканда, ойротторго, Бухар хандыгына, Кытайга, фарстарга жана Кашкар аскерлерине каршы күрөш жүргүзүп турган тарыхый инсан.

Кенже аялы, кытайдын Нурхачы (Нурхаци (1559-1626) Манжур империясынын негиздөөчүсү) хандын кызы эле. Нурхачы хандын 16 аялы, 16 уулу жана 8 кызы болгон. Көнөк баатыр кандайча Нурхачы хандын кызын ала келгендиги тууралуу маалымат жок, бирок, Кытайдан олжого түшүрүп келгендиги тарыхый факт. Мына ушул, Кытай аялынан көргөн баласынын оң жактагы кулагынын астында, дагы бир кулакча болгондугуна байланыштуу, уулунун атын Кошкулак деп атаган. Кошкулактан тараган урпактарын “кытай” деп чакырып, элдин арасында саруунун ичинен ушинтип дагы бир уруу пайда болот. Экинчи версиясында, саруунун “Күркүрөө” уруусу да, дал ошол Кошкулактан таркагандар. Ал эми, “кытай” уруусунун далилдүүрөөк дагы бир версиясы – бул Кошкулак баатыр, Эр Эшим агасынын буйругу менен Кытайга чабуул жасап, бир нече жыл Кытайдын территориясында жашап калып кетип, кайра кыргыз жергесине кайтып келишкенде (кээ бир аскерлер кытай, манжур кыздарына үйлөнүп, балдары менен келишкен) аларга “кытай” деген ылакап ат айтылып жүрүп, саруу уруусундагы аскерлердин үй-бүлөсү “кытай” аталып кеткен экен.

Бишкек баатырдын бабасы – Кыркуул баатыр

түзөтүү

Кыркуулдун кушчу уруусундагы келинчегинен Кулчуке менен Кулсейит деген эки уулу болгон. Кичүү аялы черик уруусунан Аксулуу. Бул аялынан Жапасур жана Коло аттуу эки уулу жана Гүлзар деген кызы болгон.

Кыркуул баатырдын эки баласы тең өтө билимдүү (чагатай, фарс, араб тилинде окуй алышкан) жана өзгөчө күчтүү жоокерлер болушуп, кийинчерээк Анжиян-Аксы өрөөнүндөгү мыкты аскер башы жана кыргыз армиясынын кол башчыларынан болушат. Ал эми, Гүлзар кызы эсеп-чотко жөндөмдүү болуп Кыркуулдун казынасын көзөмөлдөп, Бухарга, Чыгыш Түркстанга соода-сатык маселесинде активдүү роль ойноп, соодагерлердин тобун түзгөн экен. Жети суу кыргыздарын (азыркы Казакстандын территориясынан баштап Алма-Ата, Жамбул, Чымкент, Балхаш көлү, Талды-Коргон, Жезказган) жана кыргыздын Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Талас, ошондой эле Кашкарга чейинки территория) жунгарлар (ойроттун сол канаты) чаап, басып алып, Анжиян-Аксы тарапка сүрөт. Ал эми, бул тараптарда кыргыздар толук багынбай, каршылык көрсөтүшүп, ал тургай душмандарын чегинтип да турушкан.

Жапасур баатыр, бир тууган иниси Коло баатыр экөө жунгар баскынчылары менен кармашып, Фергана өрөөнүнө жакын жолотушкан эмес. Улуу Тоо тараптан, Каракеңгир Алаша хан жунгар баскынчылары менен согушуп, жер которуп, фергана өрөөнүнө аскерлери жана каракайым элдери менен келишет. Анжиян кыргыздары жакшы тосуп алышып, үйлөрүнө чейин батырышып колдорунан келген жардамдарын аяшпайт. Үч күн өткөн соң, Алаша хан Жапасурга тууганчылык кылып, жакшы коноктоп, үй жетпегенине үй тиктирип элин батырганына ыраазычылык билдирип, бирок жунгарга каршы согушка чыкканда ким башчылык кылаарын сурайт. Талаш-тартыш башталып, көпкө бир чечимге келе алышпайт. Ошондо бир акылман карыя, эки баатырды күч сынашканга чакырат. Күрөш же эр оодарышка макул болушпайт. Эки баатыр тең “бир казанда эки кочкордун башы кайнабаарын” түшүнүшкөн соң эр сайышка түшмөй болушат. Баатырлар ээн талаага чыгышат. Экөө кармашка даярданышып бир топ убакытка дейре сүйлөшүп туруп калышат. Элдин чыдамы кетет, качан эрөөлгө чыгышат дешип. Алыстан карап турушкан аскерлер, кол башчыларынын элдешип кайра келишеби деп да ойлошот. Жай айынын жакшынакай мезгили эле. Түш ооп, тоолордун көлөкөсү жакындаганда эки баатыр эр сайышка түшүшөт. Алаша хан 37 жаш куракта болсо, Жапасур баатыр 35 жашта. Ат чаптырышып, эки тараптан бири-бирине найза сайып, бир топ убакка чейин бирин экинчиси жыга албайт. Акыры, Жапасур баатыр Алаша ханды найза менен сайып, аттан оодара жыгат. Элди күттүрүп, көпкө сүйлөшүп, сырдашып, бири-бирин жакын көрүп калган баатырлар аргасыз эр өөлгө чыгышкан эле. Жапасур баатыр терең урматтоо менен мамиле кылып Алаша агасын оо дүйнөгө узатуу аземин өткөрүп, күмбөз тургузат. Алаша өлгөн жер ошол күндөн тартып Алаша (бүгүнкү күндө Ноокен району) деп аталып калат. Ал эми, Алаша менен чогуу келген 20 миң аскери Жапасурдун 40 миң аскерине кошулуп, 60 миң аскерди түзүп, жунгар-ойротторго чабуул жасап, Базар-Коргон, Арстанбапты толугу менен бошотушат.

1699-жылдын жаз айынын башында кыргыз-жунгар согушунда Жапасурду бир нече жаачылар аткылап, курман болот. Кыргыз армиясынын кол башчылыгына Коло баатыр келет. Коло баатырды элдер Качак баатыр деп аташат. Анткени, согушта душманын алдап-азгырып, качып жөнөп, тузакка түшүрүп, кырып салчу экен. Качак баатыр да, бир топ эрдиктерди жасап, кылычтан алган жараттары кыйнап, кол башчылыкты түмөн башы, агасынын тун уулу Көлөкө баатырга тапшырат. Ал, жунгар аскерлери менен кармашта бирде жеңишке ээ болсо, бирде жеңилет. Акыры, Өзгөн өрөөнүн бошотуудага чоң согушта курман болот. Кыргыз армиясынын башына Эр Көбөк баатыр иниси келип, тынымсыз согушуулар эки тараптын тең аскерлеринин шайын кетирет. Жунгар Хунтайчиси Цеван-Рабдандын аскрелери күч топтоп, кайра-кайра кол сала беришет.

Көлөкө өтүп, колуктусунун төркүндөрү келишип, кызын балдары менен кошо алып кетмей болушканда, Качак баатыр “Көлөкө өлсө Көбөк бар” деп агасынын аялын инисине алып берип коёт. Эр Көбөктүн өзүнүн аялынан эки уулу болгон – Таттыбай, Сүттүбай деген. Ал эми Көлөкө баатырдын Малике, Машоу аттуу эки эркек баласы бар эле. Жеңеси Ботокөз багыш уруусунун кызы. Жыл өтпөй Ботокөз кош кат болуп, жайдын ысык күндөрүндө Тоскоол Ата (Сары-Челек) жайлоосунда атайын тигилген 12 канат боз үйдө эс алып жүрөт.

Эр Көбөк, Алай өрөөнүнөн жунгарларды сүрүп чыга баштайт. Чыйырчык ашуусуна келгенде, жунгардын бир мергенчиси Эр Көбөк баатырды орус мылтыгы менен атып салат. Кыргыздар жеңишке ээ болушканы менен, Эр Көбөк баатыр жана анын эки миңдей аскерлери курман болушат.

Эк Көбөктүн биринчи аялы Күнай, Ботокөздү карап, эмчи-домчу энелерди жанында алып жүргөн эле. Ботокөз ай-күнүнө жетип, уулдуу болушат. Эртеси Эр Көбөктүн өлүмү тууралуу кабар келет.

Качак баатыр агасы Жапасурдун небересин өзү көзөмөлдөп карап жүргөн болот. Тейит уруусунан анын бир олуя календер кеңешчиси бар эле. Насип календер Бухарада окуп, сопучулук илими менен кошо жылдызчы жана дарыгерчилик да өнөрү болчу. Жаңы туулган балага жылдызга карап, жүз жылдай кыргыз жерин баскан жунгар-ойротторду ойрон кылып, кыргыз калаасынан сүрүп чыгара турган чыныгы кол башчы боло турганын айтып, Качак баатырга түшүндүрөт. Дал ошол Насип календер Эр Көбөк баатырдын өлүмүн угуп, кийинки күнү балага ат коюп берет: “Чынар сынса – чырпык бар” деп “Бутак” болсун деп бата кылат.

Бутакты Бута деп эркелетишет. Качак баатырдын мойнунда эми жүк көп, жоопкерчилик чоң. Бир тууганынын неберелери, өзүнүн балдары-неберелеринен сырткары кыргыз элинин тагдыры турат табышмак болуп.

Качак баатырдын тун уулу Мачак баатыр, бир нече жыл жунгарларга каршы согушуп, эң башкысы Анжиян-Аксы өрөөнүнүн душманга алдыртпай коргоп турат. Жунгар баскынчылары бир аз эле тыныгуу болоору менен дароо кол салып бардык амалдарын колдонуп, Фергана өрөөнүн толук басканга аракет кылат. Бирок, Качак баатырдын кеп-кеңеши, акыл-насааттары менен Мачак баатыр кыргыз аскерлерин мыкты даярдап, чеп курдуруп, күчүнүн жетишинче көп колдуу жунгар-ойротторуна каршылык көрсөтүп, чек арадан өткөрбөй, он жылдай туруштук берет.

Ал эми, Бутаны чоң атасынын иниси Качак баатыр Насип календерге тапшырып, ошол мезгилде илимдин-билимдин мекени болгон Бухарага сопулардын медресесине жөнөтөт.

Бута бала чагатай, фарс, араб тилинде кеңири сүйлөгөндү, жазганды жана китеп окуганды натыйжалуу үйрөнөт. Китепке болгон сүйүүсү, анын өмүрүнүн аягына чейин уланат. Ал тургай, согуш учурунда да бир нече күнгө тыныгуу боло түшкөндө дароо китептерин барактап кирчү дешет. Кийинчерээк, ал Найдан аттуу атасы жунгар, энеси кыргыз (анын атасын жунгар хунтайчиси Галден Церен өлтүргөн болот, ал эми Найдан 7 жашынан баштап тайата-тайэнесинин колунда, кыргыздардын арасында чоңоёт) тыңчысынан ойрот тилин да үйрөнүп алган экен. 1719-жылдын жазында Ооган шахы Мир Махмуд, Кандагар шаарында ноорузга карата ар тарапка чабарман чаптырып, кабарчыларга кабар айттырып чоң салтанат майрамда, найза сайыш, эр эңиш, жаа тартмай оюндарына, байгеге жүз жылкы, жүз төө, миң кой, бир сандык алтын дилде ошол кезде колго тушкон Фарстын шахы Хусейиндин кызы, он алты жаштагы көркөмү көздү талдырган, көйкөлө басып албырган Нилуфар ханбийкени ким жеңишке жетсе алып кетсин деп, баш байгеге саят.

Кашкардан Фархад баатыр, түркмөндѳн Бектурду баатыры, көчмөн ѳзбектин Кудурет баатыры, татардын Акбаатыры, түрктөрдүн Тезер баатыры, фарстардын аскер башчысы Ахримен баатыр, жунгарлардын Жаңгар баатыр бардыгы өздөрүнүн аскер колдору менен келип түшөт. Бута баатыр да жан жолдошу Даулет баатыр жана тандалган мыкты жигиттери менен келет.

Бул майрамда баш байгени Бута баатыр жеңип алып, Аксы жергесине кайтып кетет. Ошол тушта бир жактан калмактардын кысымы күчөсө, экинчи жагынан ичтен ынтымак ыдырап турганда, кыргыздын аксакал билермандары Суусамырга курултай өткөргөнү чогулушат. Курултайды саруунун Акбото бийи уюштурат. Максаты, ынтымака биримдике келип, жунгарларга каршы биргеликте согушуп жерди душмандан бошотуу. Ал жыйынга эрдиги, кайратуулугу менен таанылып калган Бута да чакырылат.

Жумгалга жөнөп жатып, атасынын биринчи аялынан төрөлгөн Малике деген агасынын үйүнө жигиттери менен кымыз ичкени түшѳт. Үй ээси же өзү ооз тиймейинче эч кимге даам таттырбаган ырымчыл Канымбүбү жеңесине: «Саамалдан куюуңуз» дегенде, кымызды куйган идишке баш бармагын малып, бармагын жалап жибергенде, Бута баатыр, мен алыска жөнөп жатсам кайра келерим же келбесим белгисиз болсо. Ушул саамалын да биринчи татырбаганы эмнеси – деп, торпоктун терисине ышталган чоң саабаны керегеден жулуп алып, атына өңөрө жөнөп кетет. Чаначтагы кымыз түгөнгөндө, андагы союлдай болгон бишкекти канжыгасына байланып алат.

Жумгалга (Суусамырга) барганда аксакалдар чогулушуп, аскерлерди жана аскер башчыларды командага бөлүшүп, миңден ашык аскерлери менен келген Бута баатырга жүз гана аскер берип, жүз башы кылып дайындашат. Бута баатыр мындай адилетсиз чечилген чечимге таарынбай “чындыкты иш жүзүндө далилдөөгө” аракеттенет. Бута баатыр буга чейин Кокон хандыгынын наадандык чабуулдарына, жунгарларга, Кавказдагы орус, кахолдордун казак запороженецтерине жана фарстардын баскынчыларына каршы согушуп, алардын баарында жеңишке ээ болуу менен зор эрдиктерди көрсөткөн. “Бута – туу чыгаар баатыр” атка конгону, жунгар-кыргыз согушуна чейин эле белгилүү болчу.

Кыргыз-жунгар согушу абдан күчөп жаткан мезгили эле. Бута баатыр өзүнүн жүз аскери менен жунгарларды ар бир чабуулда аскердик топторун талкалап, багындырып жатты. Жоону жеңип келгенде элдер Бутанын атын билишпей: жунгарды ким жеңип келди? –деп сурашканда, - “жанагы Бишкек өңөргөн баатыр”, “Аксыдан келген бишкекчен баатыр душманды багындырды”, “Бишкек баатыр жоону жеңди” деп отурушуп, Бута баатыр эл оозунда Бишкек баатыр деп аталып кетет.

Бишкек баатыр, зор эрдиктерди көрсөтүп отуруп, миң башы, түмөн башы (он миң башы), кийинчерээк бүтүндөй кыргыз армиясынын кол башчысы, Эл башы, 1745-жылдан 1746-жылга дейре кара кыргыз элдеринин ханы болгон.

Бишкек баатыр Цеван-Рабдан (1697-1727), Галдан-Церен (1727-1745), Цеван-Доржи (1745-1749), Лама-Доржи (1749-1753), Дабачи (1753-1755) жана Амурсан (1755-1757) сыяктуу жунгар башчыларынын тушунда, жунгар аскерлери менен согушуп, кыргыз-казак, өзбек, парс, кашкар жерлерин коргоп, жунгарларды сүрүп чыгууда өзгөчө чоң салым кошкон. Ал эми 1745-жылы Галдан-Церен өлгөндөн кийин кыргыз эли Аркалык шаарын өзгөртүшүп, Бишкек баатырдын наамынан (Бишкек шаары) аташат. Ага чейин Аркалык шаарын жунгарлар ээлешип, кээ бир учурларда Галдан-Церен хунтайчи да Кулжадан келип, хан ордосун ошол шаарда кармап турган. 1745-жылы Бишкек баатыр баштаган кыргыз-казак, өзбек, уйгур, парстардан (тажик) турган 50 миң аскер менен келип, жунгарларга аябагандай чоң кыргын салып, алардын Жангар, Эренцен, Ачихан, Кензе, Менкедоржи, Чомучин, Наран аттуу ноёндорун кошо чаап өлтүрүп, аман калган жүздөгөн жунгарлар Кулжа тарапка качып жөнөшөт. Бирок кыргыз-жунгар согушу дагы он жылдай созулат. Эң акыркы согуш Дабачи хунтайчи менен аяктайт. Ошону менен Орто Азиядагы жунгарлар талкаланып, кээ бирлери Эдил дарыясы тарапка баш калкааласа, калганы Амурсанга кошулуп, Кытай менен чабышып жүрүп, акыры жок болушат.

Бишкек баатыр 1755-жылдагы кыргыз-жунгар согушунда, тагыраак айтканда, эң акыркы согуштан соң жунгар-ойроттор толугу менен талкалангандан кийин, эл тынчтанып, согушта курман болушкан кыргыз-казак, өзбек жана ойроттордун сөөгүн жыйнап, көмгөнүн көмүп, кээ бирлерин өрттөп (ойроттордун дини боюнча өлгөндөрүн өрттөшкөн), жерлерди тазалоо иштери болуп жатканда, Кытайдын Цян-Лун пашасынын соодагер кейпин кийишкен жалданма жоокерлери капыстан жааларын чыгарышып, 7-8 жоокер катарма-катар аткылап салышып, Бишкек баатыр аттан кулап түшүп, жан берет. Дагы бир версиясында Бишкек баатыр жунгарларды аскерлери менен курчап ортого салып кысып кыргын салып жатканда, жунгардын эң мыкты эки мергенчиси бир нече жаанын огун атып жарадар кылып, мына ошондон каза болгон.

Бердике баатыр, Даулет баатыр сыяктуу аскер башчылар Бишкек баатырдын акыркы суранычына макул болушуп, Чүйдүн борборуна – Бишкек шаарынын так ортосуна Бишкек баатырдын атынан күмбөз курдуруп, бирок сөөгүн Аксы тарапка алып кетишип, Таласка жеткенде жашыруун Бишкектин сөөгүн көмүп салышат. Күмбөзгө койдурбагандын себеби, кыргызда “эгерде душман баатырдын сөөгүн таап алса, шыйрагын казык кылып жерге кагып салат, мындан ары бул элден баатыр чыкпасын” деген түшүнүк болгон. Ошон үчүн кыргыздын мыкты баатырларынын денесин жашырып көмүшкөн экен. Ал эми жаңы “Бишкек” аталган шаар Бишкек баатырдын ысымын алып кала берет.

Адабияттар

түзөтүү
  • Джастин Уинтл “История Китая”
  • Каныбек Данияров “Аныракай и джунгария” (История гибели джунгарии)
  • Орозобек Айтымбет “Кара кыргыз II”
  • Н.Э. Масанов, Ж.Б.Абылхожен, И.В.Ерофеева, А.Н.Алексеенко, Г.С.Баратова “История Казахстана – народы и культуры”
  • Эсенкул Төрөкан уулу “Сол канат кыргыз”
  • Папан Дүйшөнбаев “Баатыр Бишкекпи же дыйкан Бишбекпи”
  • О.Дж.Осмонов “История Кыргызстана”
  • Жумагулов С.С., Жумагулов Ч,С., Жумагулов А.С. “Көнөк баатыр, Эр-Эшим, колпочтор тарыхы, санжырасы, инновациясы”.
  • Сапарбек Закиров “Кыргыз санжырасы”
  • Шекербек Адылов “Бишкек баатыр” дастаны.
  • Т.И.Султанов “Поднятые над белой кошме – Потомки Чингиз-хана”.
  • Анвар Байтур “Кыргыз тарыхы” (Кытайлык кыргыз окумуштуусунун изилдөөлөрүндө) 1-китеп.
  • С.Аттокуров “Кыргыз санжырасы”
  • Саламбек Нышаналиев “Жар чакырам кыргызга”

Интернет сайттардан алынган маалыматтар

түзөтүү


Калып:Bio-stub