Бишкек Гуманитардык Университети
(Бишкек гуманитардык университети барагынан багытталды)
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети (БГУ) — гуманитардык багыттагы көп тармактуу ири окуу жай. 1992 жылы Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун негизинде түзүлгөн. Университетте чыгыш таануу жана эл аралык мамиле; герман филологиясы; маалыматтык, социалдык иш жана психология; кыргыз-орусиялык; түркология, экология жана менежмент; социология жана башкаруу факультеттери иштейт. Университеттин 33 кафедрасында 40 адистик боюнча кесип ээлери даярдалат. Студенттерди окутуу дүйнөнүн англис, япон, араб, иврит жана башка тилдеринде жүргүзүлөт.
Бишкек Гуманитардык Университети (БГУ) | |
Расмий аталышы |
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети |
---|---|
Эл аралык аталышы |
Bishkek Humanities University |
Негизделген жылы | |
Түрү |
Мамлекеттик |
Ректору | |
Жайгашкан жери | |
Юридикалык дареги | |
Сайты |
Байланыштуу макалаларОңдоо
Колдонулган адабиятОңдоо
- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. ISBN И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
Интернеттик шилтемелерОңдоо
Бишкек Гуманитардык Университети Уикиказынада? |