Бишкек шаары жана анын райондору

Негизги макала: Бишкек

Бишкек шаары жана анын райондору

Жылдын суук мезгилинде жылына орто эсеп менен 30–40 күн шаарды жөө туман жана мунарык басып турат. Бишкек ш-нын негизги суу артериялары мурда Аларча жана Аламүдүн суулары болгон. Алар Бишкектин аймагында тармактанган нуктар менен түштүктөн түндүктү карай аккан.

Шаар курулушунун кеңири кулач жайышына байланыштуу алардын көптөгөн салаалары эки гана нукка бириктирилген. Суу агымын жөнгө салуу үчүн Бишкектин түш. тарабындагы тоо этектеринде курулган суу сактагычтар жана көптөгөн сугат каналдары аркылуу шаар айланасындагы чарбалардын жерлерин жана шаар аймагын сугарууга пайдаланылат.

Бишкектин ирригация системасына шаар аркылуу ар тарапка салынган арыктар менен каналдар тармагы кирет. Шаар аркылуу Батыш жана Түш. Чоң Чүй каналдары өтөт. Бишкектен түндүгүрөөктө Төмөнкү Аларча суу сактагычы жайгашкан: бир бөлүгү шаардын аймагына кирет. Кара жыгач багында жана Бишкек Эркин экон. зонасынын аймагында көлмөлөр бар.

Шаардын түш. бөлүгүнө түндүктүн кадимки боз топурагы мүнөздүү, түн. (төмөнкү) бөлүгүн боз шалбаа, шалбаа жана шалбаалуу-саздак топурактары каптап жатат. Табигый өсүмдүктөр шаардын чет-жакасындагы бош жерлерге гана мүнөздүү. Шаардын түн. бөлүгүнүн өсүмдүк эгилбеген бош жерлеринде камыш, жекен, ыраң чөп, көлмө жана суу жээктеринде жапайы тал, терек, сейрек жийде кезигет. Шаардын түш. жагында ТОО этектеринин адырларында кургакчыл жерге мүнөздүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Адырлардын төмөнкү бөлүктөрүн эфемер-шыбактуу жарым чөл ээлейт. Калкы. Шаар калкынын саны 1999-ж. марттагы эл каттоо бюнча 762,3 миң адам болуп, респ-дагы калктын 15,8 %ин түзгөн. Шаарда 1940-ж. 104,5 миң калк жашаса, 1950-ж. 218,0 миң, 1979-ж. 535,5 миң, 1989-ж. 619,9 миң калк болгон. 2003-ж. 797,4 миң калк жашап, анын 792,9 миңи (99,4%) шаарда, 4,5 миңи (0,5%) шаардын чет-жакасындагы Ортосай айылында жашайт. Эркектер жалпы калктын 47,9%ин, аялдар 52,1%ин түзөт. 2002-ж. үйлөнгөндөрдүн саны 3729 же болбосо 1000 кишиге эсептегенде 3,8, ажырашкандар 1947 же 1000 кишиге эсептегенде 2,2 адамды түзгөн. 2002-ж. Бишкек шаардык кеңеши боюнча 1000 адамга төрөлгөндөрдүн саны 14,3, өлгөндөрдүн саны 7,5, табигый өсүш 5,4 миңди түзүп, төрөлгөн 1000 баланын (1 жашка чейинки) 25,9 өлүмгө дуушар болгон. 2002-ж. жумушсуздардын саны (катталганы боюнча) Бишкек ш. боюнча 8952 адамды түзгөн. 2000-ж. шаар боюнча жалпы калктын 24,0% эмгекке жарамдуудан жаш, 64,9% эмгекке жарамдуу, 11,1% улуу муундагы адамдар болгон. Шаарда кыргыз (52,2%), орус (33,2%), украин (11,2%), казак (1,6%), өзбек (1,6%), татар (2,1%), немис (0,7%), дуңган (0,5%), уйгур (1,7%) ж. б. жашайт. Бишкек ш-нын калкынын 2002-жылкы миграциясы: келгендердин саны 5741 адам, кеткендер — 12654 адам болуп, алардын ичинен чет өлкөлөрдөн шаарга 1017 адам жана өлкөнүн башка региондорунан шаарга 4724 адам келип, шаардан башка чет өлкөлөргө 8092 адам жана өлкөнүн башка региондоруна 4562 адам кетип, жалпы миграциялык азаюу 6913 адамды түзгөн. Тарыхы. Азыркы шаардын аймагын адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан. Аламүдүн ГЭСтеринин жанынан табылган таш эмгек куралдары Бишкектин айла-насында алгачкы адамдар б. з. ч. 5–4-миң жылдыктарда жашагандыгын далилдейт. Темир доорунун башталышы менен Кырг-н аймагында сак (б. з. ч. 7–3-к.) жана усун (б. з. ч. 3-к. – б. з. 5-к.) уруу союздары түзүлгөн. Бул уруу союздары Аламүдүн, Аларча сууларын бойлото да отурукташкан. Буга кийинки мезгилге чейин сакталып калган дөбө-мүрзөлөр далил болот. Орто кылымда Аламүдүн жана Аларча сууларынын алабын көчмөн жана отурукташып дыйканчылык кылган түрк уруулары мекендеген. Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы Бишкек шаар чалдыбары (7–12-к.) болгон. Татаал планда салынып, бекем чеп курулмаларынан турган бул шаар 25–30 км2дей аянтты ээлеген (Бишкек-1 бекетинин жана мурунку Ключевой, Кызыласкер айылдарынын аймагы). Кийин «Темир усталар чеби» аталып калган дагы бир байыркы чоң шаар (8–13-к.), азыркы Абдумомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн, Кара жыгач багы менен Аламүдүн суусунун ортосунда жайгашкан. Шаардын борбору кокондуктардын мурдагы чеби Бишкек чебинин аймагында (Аламүдүн суусунун сол жээги, кийин «Темир усталар чеби» деп аталып калган шаар чалдыбарынын орду) жайгашкан. Шаар 8-к-дан 15-к-дын башына чейин өнүгүп, моңголдордун жапырыгында бүлгүнгө учураган жана бир аз убакыттан кийин кайта жанданып, тиричилик 18-к-га чейин созулган. Андан кийин шаар биротоло ээн калган. Айрым маалыматтар боюнча 18-к-да солто уруусунан чыккан Бишкек аттуу адам ушул чөйрөнү жердеп, журтун душмандан коргоп турган. 19-к-дын башында кыргыз феодалдарынын өз ара чатагынан пайдаланган Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элди башкарып туруу үчүн бир катар чеп курдурган. Кокондуктардын негизги чыңдоолорунун бири катары Чүй өрөөнүн борб. бөлүгүндө курулган чеп.

Бишкек чеби аталган (бул аталышты колониячылар Пишпек деп бурмалап, өзгөртүп айтышкан). Бул чеп Аламүдүн суусунун батыш жагында азыркы «Темир усталар чебинин» ордунда 6 га жерди ээлеген. Борб. Азияны ээлеп алууга умтулган Орусия аскерлери 1860-ж. 4-сентябрда Бишкек чебин убактылуу басып алган. Бирок алар кетээри менен мында кокондуктардын бийлиги кайра орногон. 1862-ж. сентябрда падыша аскерлери Байтик башында турган кыргыздардын жардамы менен чепти 2-ирээт ээлеп, аны биротоло талкалаган. 1864-ж. анын урандысынын жанында казак-орустардын бекети, ага удаа чакан базар, 1887-ж. ат-почта бекети курулган. 1868—70-ж. шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн жана Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-жылга чейин чүйлүк кыргыздар адм. Жактан Ала-Тоо округунун (борб.— Верный шаары) начальнигине баш ийген, 1865–67-ж. Түркстан облусуна, кийин Токмок уездинин курамында Жетисуу облусуна кирген. 1878-ж. 29-апрелде уездин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар калкынын саны 1913-ж. 18468 жеткен.Бишкекте кустардык-өнөр жайлык мүнөздөгү алгачкы ишканалар, а. и. тегирмендер 19-к-дын 2-жарымында пайда болгон. 1883-ж. булгаары заводу, 1885-ж. сыр-быштак жасоо ишканасы иштей баштаган. Ошондой болсо да шаарда ө. ж-га караганда базардык-стационардык типтеги соода тезирээк өнүккөн. 1878-ж. алгачкы чакан оорукана менен дарыкана ачылган. 1879-ж. приходдук бир класстуу окуу жай, кийин башка окуу жайлар ачылган. 1916-ж. жайында Бишкек уездинин көп бөлүгүн улуттук-боштондук көтөрүлүш каптаган.

Орусияда февраль буржуазия-демократиялык революциясы жеңгенден кийин, 1917-ж. мартта Бишкек солдат жана жумушчу депутаттар совети уюшулуп, анда чечүүчү позициянын Убактылуу өкмөттү колдогон меньшевиктер менен эсерлер ээлеп алышкан. 1918-ж. 7-январда Бишкектеги жана уездеги бийлик иш жүзүндө большевиктердин колуна өткөн.1924-ж. 14-октябрдан Бишкек — Кара Кыргыз АОсунун(1925-ж. 25-майдан Кыргыз АОсу), 1926-ж. 1-февралдан Кыргыз АССРинин борбору, 1926-ж. 12-майдан Фрунзе деп аталган. 1936-ж. 5-декабрдан Фрунзе — Кыргыз ССРинин борбору (1991-жылдан Бишкек аталып, эгемендүү Кыргыз Респ-нын борбору), 1938-ж. Бишкекте 3 адм.

Район Пролетар (азыркы Ленин), Биринчи Май, Свердлов райондору түзүлгөн. 1961-ж. шаарга Кызыласкер, Привокзальный (Попеновка), Төкөлдөш айылдары, Аламүдүн, Көкжар айылдарынын бир бөлүгү, 1984-ж. Чоңарык, Ортосай айылдары кошулган. 1974-ж. жаңы адм. р-н Октябрь р-н түзүлгөн. Кеңеш доорунда Бишкек ш-нын саясий-коомдук, социалдык-экон. жана маданий турмушунда зор өзгөрүүлөр болду.

1924-ж. алгачкы кыргыз газети «Эркинтоо» чыккан.

1926-ж. мамл. басмакана менен музей түзүлгөн. 1932-ж. педагогика, 1938-ж. зооветеринария, 1939-ж. медицина институттары ачылган. Ошол эле жылдары алгачкы ири ө. ж. ишканалары курулган. Бишкекке Улуу Ата мекендик согуш жылдарында Украинадан, Орусиядан бир катар ө. ж. ишканалары көчүрүлүп келинген. Азыркы учурда базар экон-на багыт алуунун натыйжасында шаардагы ө. ж. ишканаларынын, соода мекемелеринин ж. б-дын бир катары менчиктин түрдүү формаларына өтүүдө. Көз каранды эмес мамл-тин борбору катары Бишкекте бир катар чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ачылып, Кыргызстандын дүйнө элдери менен байланышы кеңейүүдө.

Экономикасы түзөтүү

Бишкек ш. экон. жана социалдык жактан башка облустарга салыштырмалуу жогору деңгээлде өнүккөн, саясий жактан Кыргыз Респ-нын борбору катары өзгөчөлөнгөн регион. Шаарда ө. ж., транспорт, байланыш, курулуш жана элди социалдык жактан тейлеген соода, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж. б. тармактар өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

...