Бозбу-Тоо мрамор кени
Бозбу-Тоо мрамор кени — Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 24 км түндүк тарапта, Бозбутоонун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1220–1390 м бийиктикте. Кен аймагын төмөнкү пермь мезгилинде пайда болгон карбонат жана карбонат-терриген чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар мраморлошкон каралжын акиташ тегинен турат. Агыш темгилдүү, майда бүртүкчөлүү. Механикалык жактан бекемдиги 94,8–100,5 МПа. Тоотек массивинен товардык блоктордун чыгышы 23,4–35,9%. Запасы В категориясы боюнча 507,1 миң м3, С1–85,7 миң м3, В+ С1–592,8 миң м3, С2–151,0 миң м3.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|