Боз-Дөбөтопоним. Элдик уламыш боюнча Манас баатыр калмактар менен согушкан мезгилде өзүнүн аскерин жайгаштырган оорук. Бул уламышты 19-кылымдын орто ченинде Ч. Валиханов жазып алган. Анын басылып чыккан эмгегинде «Манастын Боз-Дөбөсү» деп берилген. Манастын Б.-Д-сү Каркыра жайлоосу тарапта, Кыргызстандын чек арасынан 15 км түндүктө, Казакстандын Алматы облусундагы райондун борбору Кеген кыштагынын түштүк-чыгыш жагында. Дөбө турган жер түз талаа, ошондуктан ал абдан бийик көрүнүп, айланадагы жерден айырмаланып алыстан эле көрүнүп турат. Б.Д-нүн бийиктиги болжол менен 20—25 м. Негизги варианттарда Жакып жашап турган жер катары Манастын төрөлүшү жөнүндөгү эпизоддо «Жер ортосу Боз-Дөбө» (Сагымбай Орозбаков, 1. 20) деп Алтайдагы Б.-Д. айтылат. Манас 15 жашында салбырынга чыгарда:

Мергени кийик карашып,

Бет-бетине тарашып,

Эндөөлөп жолго салыптыр

Эсилдин башы Боз-Дөбө

Эр Манас чыгып алыптыр (Сагымбай Орозбаков, 1. 216),— деп Чыгыш Казакстандагы Б.-Д. сүрөттөлөт. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Көкөтөйдүн ашы Кыл-Эртыш, Каңгай тарапка көчүп барып берилген деп баяндалса да Манастын Жолой жана Коңурбай менен согушу Иле өрөөнүнүн тегерегинде эле болгондугу Көкөтөй кандын ашы мезгилинде калмактардын чатагынан чыккан согуш ушул Б.-Д-нүн айланасында болгондугу географиялык аталыштардан ачык көрүнөт. Салгылашта Манас Жолойду өлтүрүп, Коңурбайды жарадар кылат, бирок ал Иле дарыясын Алгара менен аттатып кутулуп кетет. «Манастын» Ч. Валиханов жазып алган вариантында эле төрт жолу «Жер ортосу Боз-Дөбө» деп айтылат. «Жер ортосу Боз-Дөбө Боз-Дөбөгө Манас жатып алган дейт» («Көкөтөйдүн ертегиси», 93-б.). Эпосто Б.-Д. Манастын ордосунун бири катарындагы мааниде берилгендиги байкалат. Б.-Д. топоними Орто Азия менен Казакстанда кеңири таралган. Алтай аймагында Б.-Д. деген жер бар экени да белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4