Боз-Чычкан
Боз чычкан Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Барпы айыл өкмөтүнө караштуу. Чаңгет сай суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 830 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 22 км чыгыш тарапта, Жалал-Абад темиржол бекетинен 14 км. Калкы 1362 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, амбулатория, китепкана жана башкалар бар.
Отурукташкан жай
Боз –Чычкан
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 1 362 киши.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 19 -декабрь (бештин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.