БОЗ ҮЙДҮН ЧЕЧИЛИШИ

Оболу түндүк жабуу сыйрылат. Боолорун кырчоодон чечип, төркү (арткы) үзүктү, анан алдыңкы (маңдайкы) үзүктү сыйрат. Үзүк үч бүктөлүп коюлат. Мындан кийин жабык баш тегиричи менен түрүлүп (томолоктоштуруп) алынат. Бел кырчоо алынып, эки туурдукту сыйрып, аларды төрт бүктөйт. Канат чийлердин боолорун чечип, өзүнчө түрөт. Түрүлгөн чийлер өз боолору менен арчындалып таңылат. Эшик чий кошо сыйрылып, бул өзүнчө оролот. Эми уук тизгичти түрүп, ууктарды аттап чечүү керек. Он чакты уук чечиле электе ала бакан (түндүк бакан) аркылуу жел боосун каттай кармап тиреп, түндүктү так көтөрүп алат.

Чакан үйдүн уугу, керегеси экиден бөлүнүп таңылат. Уук жыйналары менен кереге чалгыч, кереге таңгыч, саканак чалгычтар катар түрүлүп алынып, кереге канаттарын бириктиребиз. Керегенин канатын жыйноодо саканактарын кынаптап бастырып, аны саканак таңгыч же кереге чалгыч менен тыкан байлайт. Ууктар да өзүнүн боолору аркылуу байланып, уук учтары сынбаска ага уук учтук кийгизилет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)