Бойла Кутлуг Ярган
Бойла Кутлуг Ярган (байыркы кырг: Boĭla Qutluγ Jarγan) — Кыргыз кагандыгынын вазири жана аскер башчысы, мурда Уйгур кагандыгында кызмат өтөгөн, бирок кийин байыркы уйгурлар менен Эне-Сай кыргыздарынын ортосундагы согушта Эне-Сай кыргыздарына өтүп кеткен.
Бойла Кутлуг Ярган байыркы кырг. 𐰉𐰆𐰖𐰞𐰀:𐰴𐰆𐱄𐰞𐰍:𐰖𐰺𐰍𐰣 Boĭla Qutluγ Jarγan | ||
| ||
---|---|---|
Жарандыгы: | Уйгур кагандыгы Кыргыз кагандыгы | |
Дини: | теңирчилик | |
Туулган жылы: | белгисиз | |
Туулган жери: | Уйгур кагандыгы | |
Каза болгон жылы: | IX | |
Каза болгон жери: | Кыргыз кагандыгы | |
Аскердик кызматы | ||
Жарандыгы: | Уйгур кагандыгы Кыргыз кагандыгы | |
Кызмат өтөгөн жайы: | жөө аскерлер | |
Наамы: | Аскер башчысы | |
Башкаруусу: | Кыргыз кагандыгынын армиясы | |
Катышкан согушу: | Кыргыз-уйгур согушу Ордо-Балыктагы салгылашуу |
Өмүр баяны
түзөтүүБойла Кутлуг Ярган Уйгур каганатында кызмат кылып, уйгур вазирлеринин бири болгон. Ал Уйгур каганатындагы жарандык кагылыштарга активдүү катышкан, 839-жылы министр Гуйлофу мамлекеттеги бийликти узурпациялап, жаш Хэс Телейди такка отургузган.[2] Узурпатордун бийлигин тааныбаган Бойла Кутлуг Ярган (Гүйлу Мохе) өз аскерлери менен Эне-Сай кыргыздарынын тарабына өтүп, кыргыз ажосуна ант берген.[3] Бойла Кутлуг Яргандын аскерлери Ордо-Балык салгылашында Эне-Сай кыргыздарынын жеңишине салым кошкон. Бойла Кутлуг Ярган кыргыз-уйгур согушунда жеңишке жеткенден кийин ак сөөк статусуна ээ болуп, Кыргыз каганатындагы мамлекеттик ишмерлердин бири болгон.
Руникалык эстелик
түзөтүүТарыхнаамада Суджа жазуусунун көркөм котормосу боюнча талаш-тартыштар бар;[5] котормонун бир варианты боюнча эстеликте төмөнкүчө жазылган:[6]
- (1) Мен Йаглакар хандардын уйгур жерине дайындалдым.
- (2) Мен кыргыздын уулумун. Мен адил сотмун.
- (3) Мен биринчи вазир асыл Тархандын вазиримин.
- (4) Менин атак-даңкым чыгышта да, батышта да жайылды.
- (5) Мен бай болдум. Мал үчүн он короом, сансыз жылкым бар эле.
- (6) Уулдарымды үйлөндүрдүм, кыздарымды сепсиз күйөөгө бердим. Руханий устатыма жүз жылкы бердим. Балдарымдын балдарын, уулдарын көрдүм.
- (7) Эми мен өлүп, аларды таштап кеттим! Уулдарым! Менин устатымдай адамдардын арасында болгула! Ханга кызмат кылгыла! Кайраттуу болгула!
- (8) Улуу уулум күтүүсүздөн кетип калды. Мен аны өлгөнгө чейин көргөн эмесмин. Уулум, арстаным!