Болуш (орус. Волость) — Орусия империясынын курамындагы эң кичине аянтты бөлүүчү акимий бирдик.

Кар облусунун болушторунун картасы

1. Совет бийлигине чейинки падышалык Россиядагы админстративдик аймактык бирдик. Кыргызстанда 1865-жылы августта чыккан «Убактылуу жобонун» негизинде аймактар уезддерге, уезддер болуштарга бөлүнгөн. Болуштар 1000–2000 түтүндөн турган.

Жер которуп келгендерден өз алдынча жамааттар (общиналар) түзүлүп, алар кыштак болуштары деп аталган. Калкты аймакташтырып бөлүштүрүү кыргыздардагы ар түрдүү уруу топторунун бир админстративдик биримдикке биригишине жол ачып, кезегинде жергиликтүү отурукташкан жана көчмөн калктын арасындагы чыр-чатактын, кагылыштардын, барымталардын азайышына алып келген, көчмөн элдин отурукташына аздыр-көптүр шарт түзгөн.

Болуштук бөлүнүш 1917-жылдарга чейин сакталып, Совет бийлиги орногондон кийин советтик негизде кайрадан уюштурулган. Алсак, Кыргызстанда 1926-жылы 4 округга баш ийген 72 болуштук болгон.

1930-жылы жаңы админстративдик бөлүү ишке ашырылып, райондор түзүлгөн жана болуштук жоюлган;

2. Кыргызстанда болушту башкаруучу (волостной) да болуш аталып кеткен. Болуш шайлоо эки баскычтан турган. Болушту шайлоодон мурун он, элүү башылар, старчындар дайындалуучу.

50 түтүн шайлоочудан бир элүү башы шайланган. Болушка шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен жүргөн. Болуш ошол элүү башчылардын курултайында 3 жылдык мөөнөткө шайланып, аскер губернатору тарабынан бекитилген.

Болуштук кызматка адатта колунда бар адамдар көтөрүлгөн. Болуштар өкмөттүн жарлыктары менен сот өкүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, жер чатагын чечүү, жер, чабынды бөлүп берүү, салык салуу, жыйноо сыяктуу иштерди аткарышкан.

Болуштук башкаруучуларга – болуш, болуштун кандидаты (болуш өлсө анын ордун баса турган киши), песир (писарь) кирген. Болуш ишинин көбүн песири менен жүргүзгөн. Адатта песирлер орус улутунан болгон.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер

түзөтүү