Борбиев Нуртай (15. 1. 1937-ж. т., Чүй облусу, Кызыл-аскер айылы) кинооператор, кинорежиссёр, КРдин эл артисти (1991), КРдин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1979). Бишкек айыл чарба техникумунун бухгалтердик эсеп бөлүмүн бүгкөн (1958). 1959-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында оператордун жардамчысы катары эмгек жолун баштаган. 1961-66-ж. Өз алдынча оператор, 1966жылдан операторлук менен катар эле режиссёрлук иш жүргүзгөн. 1990-жылдан «Келечек» киностудиясынын вице-президенти, Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун профессору (2002). Оператор катары тарткан көрүнүктүү чыгармалары: «Алай карларында» (1963), «Манасчы» (1965), «Тору-Айгыр тумшугу» (1967), «Мурас» (1969), «Советтик Кыргызстан» (1975) документ фильмдери, «Шаркыратма» (1975), «Түркүн тагдырлар» (1979), «Кошой таш» (1981), «Ак илбирстин тукуму» (1985), «Сүйүү жаңырыгы» (1986), «Маңкурт» (1989), «Азиат» (1990) көркөм фильмдери. Режиссёр катары «Айдың» (1975), «Дунгандар» (1975), «Тынчсыздануу» (1975), «Жер деген эмне?» (1992) документ фильмдерин тарткан. «Саманчы жолу» көркөм фильминде, «Көчө» фильминде чебер ойногон. Өзү тарткан бир катар документ фильмдердин сценарийинин автору. Тарткан фильмдеринин басымдуу көпчүлүгү эларалык сыйл. ээ болуп, айрымдары үчүн профессионал оператор катары 1-байгени алган. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4