Босого-Акташ,тоосу
Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Карабел, Кулун жана Тар сууларынын алабында кеңдик багытта жатат.Узундугу 20 км, туурасы 6–7 км, орточо бийиктиги 3300 м, эң бийик жери 3983 м. Кыры аскалуу, туш тарапка тармактанып кетет.Капталдары майда кокту-колоттуу, тик. Этек бөлүгү шагылдуу.Кургак талаа (2400 мге чейин ), талаа жана бадал аралаш шалбаалуу талаа (2400–2900 м), субальп жана альп шалбаалуу талаасы (2900–3400 м) жана нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.
Адабияттар түзөтүү
- [[http://www.bizdin.kg/elid/kitepter/pdf/geogr_ensclp.ptf(жеткиликсиз шилтеме) Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|
Categoru:Кыргызстан
Categoru:Илим
Categoru:География
Categoru:Тоо
Categoru:Жаратылыш
Categoru:Түштүк Кыргызстан
Categoru:Тумар-2011