Браунит (немец илимпозу М. Браундун ысмынан) – татаал кычкылдардын тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Mn2+ Mn63 + SiO12. Тетрагон сингониясында кристаллданат. Өңү кара. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6–6,5. Салыштырма салмагы 4,7–5,0. Гидротерм тарамында, марганец кычкылына бай метаморфизмделген чөкмө тоо тектерде жана башкаларда кездешет. Браунит марганец кенташын (рудасын) пайда кылуучу негизги минерал.

Браунит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү