Букалаев Камчыбек
Обончу Букалаев КамчыбекЫсык-Көл районунун Чырпыкты айылында 1957-жылы 11-октябрда туулган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2016). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023).
М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатында, кийин №1 мектеп-интернатында окуган. 1976-жылы Фрунзедеги музыкалык педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Алгачкы обону – балдарга арналган «Ачык көңүл балдарбыз» (сөзү А.Кыдыровдуку) аттуу ыр болгон. 1980-жылы Чолпон-Ата шаарында элдик «Ак-куу» ыр-бий ансамблинде көркөм жетекчи болуп эмгектенип, 1981–1982-жж. Москвада чыгармачылык сапарда болгон жана 1984-жылы Грузияда, 1985-жылы Францияда, 1989-жылы Евпатория шаарында балдардын Бүткүл Союздук музыка фестивалына уулу Алмаз менен катышкан. 1984-жылы СССР Композиторлор союзунун Ардак грамотасы, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Аткарылып жүргөн чыгармалары
түзөтүү- «Ачык көңүл балдарбыз» с. А.Кыдыровдуку
- «Биздин класс» с. А.Кыдыровдуку
- «Биздин бакча гүл бачка» с. А.Кыдыровдуку
- «Алиппе» с. А.Илипаевдики
- «Баканын ыры» с. А.Карасартовдуку
- «Менин апам» с. Н.Жаркынбаевдики
- «Жаңы жыл» с. Ж.Садыковдуку
- «Ким сулуу» с. К.Урманбетовдуку
- «Жаш таланттар гимни» с. К.Урманбетовдуку
- «Атың жакшы Ысык-Көл» с. М.Осмоновдуку
- «Кереметтүү көл кечи» с. Т.Кожомбердиевдики
- «Ысык-Көлгө суктануу» с. Н.Сыдыковдуку
- «Түнкү кайык» с. А.Осмоновдуку
- «Жалжалым ой» с. А.Осмоновдуку
- «Ыр десте» с. К.Урманбетовдуку
- «Булуттар» с. К.Урманбетовдуку
- «Эң аярым» с. А.Кыдыровдуку
- «Сага» с. К.Иманалиевдики
- «Кыйбасың» с. Ө.Кулумбаевдики
- «Энекеме» с. Т.Акматованыкы
Ноталуу китептери
түзөтүүАчык көңүл балдарбыз: Балдар үчүн обондуу ырлар. – Б.: Гүлчынар, 2007.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын обончулары/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4