Булак-Башы (Лейлек району)
Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл
Булак-Башы — Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл. Кулунду айыл аймагына кирет.
Отурукташкан жай
Булак-Башы
|
Лейлек токой чарбасынын аймагында. Райондун административдик борбору ― Исфана шаарынан 30 км түндүк тарапта. Пролетарск темир жол станциясынан (Тажикстан) 25 км. Деңиз деңгээлинен 593 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1306 (2002); негизинен токойчулукта эмгектенет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4