Бурак Өзчивит

Түркиялык актёр жана модель

Бурак Өзчивит (түрк. Burak Özçivit; 24-декабрь, 1984, Станбул) — Түркиялык актёр жана модель. «Түркиянын мыкты модели» (2003).

Бурак Өзчивит
Burak Özçivit
Туулган датасы:

24 -декабрь 1984(1984-12-24) (39 жаш)

Туулган жери:

Стамбул, Түркия

Жарандыгы:

 Түркия

Кесиби:

актёр, модель

Карьерасы:

2003 — 2007 (модель)
2006 — азыркы учурда (актёр)

Багыты:

Мелодрама

Сыйлыктары:

«Түркиянын мыкты модели» (2003)

IMDb:

ID 2704629

Көпчүлүк актёрду «Даңазалуу доор», «Боз торгой» сериалдары аркылуу таанышат.

Өмүр баяны жана Карьерасы түзөтүү

Бурак Өзчивит 1984 жылы 24 декабрда Түркиянын Стамбул шаарында төрөлгөн.Ал Стамбулдагы Мармар университетиндеги кино факультетин аяктаган. 2003 жылдан 2007 жылга чейин модельдик бизнес менен алектенген. 2003 жылы «Түркиянын мыкты модели» наамынын ээси болгон, 2005 жылы «Дүйнөнүн мыкты модели» сынагында экинчи орунду алган[1]. 2006 жылдан баштап, кино жана телекөрсөтүү тармагында жұмыс иштей баштайт. «Даңазалуу доор» жана «Боз торгой» сериалдарындагы ролдору Өзчивитке бүт дүйнөлүк атактуулукту алып келет.

Жеке жашоосу түзөтүү

Ал узак убакытка чейин Жейлан Чапа менен жолугушуп жүргөн. 2015-жылдан баштап "Боз торгой" тасмасындагы өнөктөшү, актриса Фахрийе Эвжен менен кыз-жигит мамиледе[2].Актёр сүйүктүүсүнүн колун 2017-жылы 9-мартта Германияда сураган. 2017-жылы 29-июнда Стамбулда баш кошушкан. Актёрдун боюу 184 см.[3].[4].

Тасмаграфиясы түзөтүү

Тасма
Жылы Кыргызча аталышы Түркчө аталышы Роль Кошумча
2007 ~ Musallat Суат
2015 Махабат сага окшош Aşk Sana Benzer Али
2016 Менин тууганым Kardeşim Benim Хакан
Телекөрсөтүү
Жылы Кыргызча аталышы Түркчө аталышы Роль Кошумча
2006 Минус 18 Eksi 18 Мурат
2007 ~ Zoraki Koca Өмер Өзполат Башкы роль ; 26 эпизод
2008-09 Үй-бүлөлүк үй Baba Ocağı Гювен Башкы роль ; 35 эпизод
2010 Саткындык İhanet Эмир
2010-11 Кичине сырлар Küçük Sırlar Четин Атешоглу Башкы роль ; 19 эпизод
2011-13 Даңазалуу доор Muhteşem Yüzyıl Малкочоглу Бали Бей Экинчи этаптагы роль ; 2-3 сезондор
2013-14 Боз торгой Çalıkuşu Кямран Башкы роль; 30 эпизод
2015-17 Түбөлүктүү сүйүү Kara Sevda Кемал Сойдер Башкы роль

Эскермелер түзөтүү

  1. Burak Özçivit'in akıl almaz değişimi...(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). HTHayat. Текшерилген күнү 17 -февраль (бирдин айы) 2015.
  2. Fahriye Evcen ve Burak Özçivit galaya el ele geldi | Ntv.com.tr(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 8 -июль (теке) 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -август (баш оона) 2017.
  3. He Accepted the Change. Turkishstarsdaily.com. Текшерилген күнү 17 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 10 -июль (теке) 2015.
  4. Fahriye Evcen ve Burak Özçivit galaya el ele geldi | Ntv.com.tr. Текшерилген күнү 8 -июль (теке) 2016. Түп булактан архивделген күнү 1 -август (баш оона) 2017.

Шилтемелер түзөтүү