Буркан (топоним) — топоним. Кытай, калмактар башта басып алган ата-журтун кыргыздар бошоткондо, калмактын айрым бөлүктөрү качып барып жашынып, бурканынан жардам сураган жер. Ошондон тартып ошол жер Б. аталып калган (Кол жазмалар фондусу, 576-инв.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү жайлоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4