Бурул Асакеева
Асакеева Бурул | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Асакеева Бурул Амантуровна |
Туулган жылы: | 1958-жыл |
Туулган жери: | Сары-Камыш айылы, Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан |
Өлкө: | СССР→ Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | куурчак театрынын артисти, куурчак театрынын режиссеру |
Чыгармачылык активдүүлүгү: | 1981-жылдан баштап |
Театр: | Кыргыз мамлекеттик куурчак театры, "Рабаят" жеке менчик куурчак театры |
Асакеева Бурул - балдар жазуучусу, актриса, куурчак театрынын режиссеру.
Өмүрү жана чыгармачылыгы
түзөтүүАк-Суу районунун Сары-Камыш айылында туулган. 1976-жылы мектепти бүтүрүп, 1981-жылы Ташкендеги А.Островский атындагы театралдык-көркөм институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1981-жылы азыркы М.Жангазиев атындагы республикалык куурчак театрында иштөө менен баштаган.
1986-жылы Ош облустук драма театрына которулуп, актриса болуп иштеп жүрүп, куурчак театр-студиясын ачкан.
1988-1990-жж. билимин өркүндөтүп Москва, Киев шаарларында окуп режиссерлук кесипке ээ болуп келип, Ош облустук куурчак театрын уюштуруп, Ж.Садыковдун «Кереметтүү чоор», Ю.Даниэлдин «Акылсыз Падыша» пьесалары боюнча спектаклдерин койгон.
1993-1994-жж. Маданият министрлигинин көркөм-өнөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, болуп дайындалат.
1995-1998-жж. Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында куурчак актерлор тобун окуткан.
1994-жылдан Б.Асакеева республикалык куурчак театрында режиссер болуп которулуп, Я.Крыстановскийдин «Шалунишки», Е.Жуковскаянын «Добрый Волчонок» Л.Спачиллдин «В гостях у кукол» «Шенок Мапа», В.Анникованын «Лентяй Хечо» ж.б. пьесаларды кыргызчага которуп, спектакль кылып даярдаган.
1991-жылдардан баштап, куурчак театрында жаңы жылдык «Балаты майрамдарын» кыргызча өткөрүлүшүнө алгачкылардан болуп шарт түзүп, жыл сайын жаңы программадагы сценарийлерди жазып, сахналаштырып кыргыз балдарына кубаныч тартуулап келген.
Республикалык театралдык «Нооруз-97» «Нооруз-98» фестивалынын дипломанты жана жеңүүчүсү, мыкты спектаклдери үчүн Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин бир нече Ардак грамотасы менен сыйланган.
1995-2004-жж. Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын балдар үчүн чыгарылган «Рабаят» программасынын автору, алып баруучусу болгон.
2002-жылы Балдардын «Рабаят» чыгармачылык бирикмесинин президенти, «Рабаят» куурчак театрынын директору болуп иштеп, 2006-жылы Республикалык масштабда «Ачык көңүл балдарбыз» аттуу жаңы обондуу ырларды жаратуу максатында кароо-сынак фестивалын уюштурушкан.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүүКубулуу: Мектепке чейинки балдар үчүн. 2007.
Койгон пьесалары
түзөтүүЖуковская Е. Боорукер бөлтүрүк: Пьеса. – 1996.
Чеповецкий А. Апата: Пьеса. – 2001.
Спачилл Л. Меймандос куурчак: Пьеса. – 1995.
С.Ефремов Тентек короз: Пьеса. – 2002.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|