Бурун (барун, түндүк бурун) — Судандын Эфиопия менен чектеш аймактарында түндүк луо тобуна кирген нилот эли.
Саны 68 миң адам.

Тил

Бурун тили Нил-сахара макроүй-бүлөсүнүн нилот тобуна кирет.
Араб тили да кеңири таралган.

Дин

Көпчүлүк — мусулмандар (сүннөттөр). Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-баба культу, тотемизм) карманышат.

Тарых

16-кылымда бурун элинин ата-бабалары азыркы конуш аймагына батыштан, Нил өрөөнүнөн келишкен.
16–18-кылымдарда Сеннар султандыктын курамында болушкан.
Бурун элинин арасында кул соодасы 20-кылымдын биринчи жарымына чейин уланган.

Чарбачылык

  • кол менен иштетилген дыйкан чарбасы (элевисина таруусу, тефф, дурра, буурчак);
  • малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал);
  • жыйноочулук;
  • балык уулоо.


Кол өнөрчүлүк

  • жыгач оюм (буюмдар, культтук айкелдер);
  • кайык жасоо.


Социум

Алар аксакал баш болгон көп балалуу үй-бүлөлөрдөн турган айылдык жамааттарда жашашат. Нике патрилокалдуу. Көп аялдуулук практикаланат.

Турак жай

Калктуу конуштар, мал үчүн короо болуп турган тосмосу бар, суу жээктеринде жайгашкан.
Үй тегерек формада, чатыры цилиндрлүү, дубалдары жыгачтан же өрүлгөн. Короодо мал сарайы жана устундардын үстүндө орнотулган кампа (буудай сактаганга) бар

Тамак-аш

Негизги азыгы ботко, нан, сүт, жаан-чачындуу мезгилде балык жана аң.

Салттуу кийим

Салттуу кийим — булгаарыдан жасалган алжапкыч. Азыркы эркектер кең жеңдүү ак көйнөк, аялдар ак жамынма жана пахтадан узун көйнөк кийишет.

Маданият

Элдик фольклор өнүккөн.

Изилдөөнүн тарыхы

Собат дарыясынын түндүгүндөгү Бурун өлкөсүн изилдеген капитан Коннингэм элди изилдөөгө олуттуу салым кошкон.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • H. D. Pearson Progress of Survey in the Anglo-Egyptian Sudan // The Geographical Journal, Vol. 35, No. 5 (May, 1910), p. 539
  • J. Spaulding The Business of Slavery in the Central Anglo-Egyptian Sudan, 1910—1930 // African Economic History, No. 17 (1988), p. 42
  • Андрианов Б. В. Бурун // Народы и религии мира/ Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.