Нил-сахара тилдери — Африкадагы гипотезалык тил макробүлөсү. Афразия жана Нигер-Конго тилдеринин ортосунда бөлүштүрүлгөн жана алардын бирине да кирбейт.

Сахаранын түштүк бөлүгүндө, Нил өрөөнүндө, Сахелде, Судан аймагында, Борбордук, Батыш жана Чыгыш Африканын чектеш аймактарында — батышта Малиден, чыгышта Эфиопияга жана түндүгүндө Египеттин, түштүгүндө Танзанияга чейин таралган.

Нил-сахара тилдеринде сүйлөгөндөр көбүнчө негроид расасына кирет. Ал эми Судан менен Чаддын кээ бир аймактарында европеоид менен негроиддик расалардын өткөөл жана аралаш түрлөрү кезигет.

Изилдөө тарыхы түзөтүү

Заманбап түрдөгү Нил-Сахара гипотезасын биринчи жолу атактуу америкалык лингвист Джозеф Гринберг көтөргөн (1967). Орусиялык лингвисти Георгий Старостин макробүлөнүн альтернативалуу классификациясын сунуш кылган.
Макробүлөнүн биримдиги, ошондой эле анын курамына кирген тил уялардын ортосундагы байланыштар азырынча далилдене элек.

Нил-сахара макробүлөнүн курамына кирген кээ бир тил топтору африкалык неолит дооруна чейинки деп эсептелет. Мисалы, Чыгыш Судан тилдеринин биримдиги болжол менен 7 миң жыл мурун негизделген. Демек, анда Нил-сахара генетикалык (жана тилдик) биримдик сөзсүз түрдө Чыгыш Судан тилдеринен алда канча улуураак жана жогорку палеолит дооруна тиешелүү болот.
Нило-сахар тилдеринин таралышы чөлдө азыркыга караганда жашоого ыңгайлуу болгон Жашыл Сахарадагы суу ресурстарынын жайгашуусун чагылдырышы мүмкүн, башкача айтканда, Сахара акыркы саванна болгон неолит доорунун субплювиалдык мезгилинде.

Курамы түзөтүү

Нил-Сахара гипотезасы 11 тил уяларды жана 4 обочолонгон тилди бириктирет, алар төмөндө болжол менен батыштан чыгышка карай тизмеленген.


  • Сонгай уясы (сонгай-зарма; Нигер, Мали, Бенин). Курамына 10 тил кирет.

  • Сахара уясы (Чад көлүнүн жанындагы Сахаранын түштүк чети). Курамына 10 тил кирет. Алардын ичинде эн белгилүү канури тили.

  • Маба уясына 5-9 тил кирет (Чаддын түштүк-чыгышында).

  • Фур уясына 2 тил кирет (Судандын батышында, Чаддын чыгышында).

  • Борбордук судан уясы 8 бутака бөлүнөт. 60 ашык тил кирет (Чад, Судан, Түштүк Судан, БАР, КДР).

  • Чыгыш судан (чыгыш сахель) тилдери — 3 уядан жана 1 обочолонгон тилден турган шарттуу тил бирикмеси. Алардын ортосундагы байланыштар далилденген эмес.
    • таман-нубия уясы (тама жана нубия бутактарына бөлүнөт);
    • ньиман уясы;
    • кир-аббай уясы, анын ичинде нилот тилдери;
    • мероит тили (өлгөн) – К.Рилинин гипотезасы, бир катар батыш тилчилеринин колдоосуна ээ болгон.

  • Каду (кадугли же тумтум) уясы 7 тилден турат (Судан). Мурун ал тилдер кордофан уясына кирчү.

  • Кульяк (руб) тил уясына 3 чакан тил кирет: ик, ньянгия, соо же тепес (Уганда).

  • Берта — Эфиопиядагы обочолонгон

(изоляцияланган) тил.

  • Коман уясына 5 тил кирет (Эфиопия менен Судандын чек аранын боюнда турушат).

  • Гумуз — Эфиопиядагы

обочолонгон (изоляцияланган) тил.

  • Кунама — Эритреядагы обочолонгон

(изоляцияланган) тил.


Өчүп кеткен мероит тилинин нило-сахар тилдерине таандыктыгы күмөн бойдон калууда.

Эң ири тилдер түзөтүү

Луо (3,5 млн), канури (3,4 млн), сонгаи (3 млн), динка (2 млн), ланго (1 млн), масаи (0,9 млн), нуэр (0,8 млн), ачоли (0,8 млн), фур (0,5 млн), нубия (0,5 млн) тилдери.

Булактар түзөтүү

Нигер-конго тилдери