Бутпарас динин туткандардын табынган жайы. Бул тууралуу «Зийа ал-кулуб» аттуу суфийлер жөнүндөгү кол жазмада маалыматтар келтирилген: кыргыздар өзүлөрүнүн оорулуу жол башчысы Серйуктун маңдайына олтурушуп, тамак алдыга келгенде ар кимиси эттен бир тилимден кесип алышып, идишке салышкан. Эт салынган идишти дарактын түбүнө коюшуп, анын алдына ийилип турушкан. Даракта күмүш бут (идол) илинип турган, анын айланасында жыгачтан ж-а таштан чегилип жасалган эки миңге жакын буттар коюлган. Бул жер кыргыздардын Бутканасы болгон. Кол жазмада буттун аты «талбийа – йижакар» деп аталган.

«Бут» термини кыргыздарда «кут» түрүндө да айтылган. Кут – күмүш, коргошун же калайдан жасалып, көк же кызыл чүпүрөк кийгизилген адамдын келбетин элестеткен. Аны мал-жандыктарды ырымдаганда сууга салып, сууну малга чачышкан. Бутпарас түшүнүгү кыргыздар исламды толук кабыл алганда унутулуп калган.

"Манас" эпосунда да буткана жогоруда айтылган мааниде колдонулат: «Бутканага чокунуп,
Булуттай кара ат токунуп,»
(Сагымбай Орозбаков, 3. 239).

Дагы кара түзөтүү


Маалымат булактары түзөтүү