Бутсуздар (Apoda) - Жерде сууда жашоочулардын ичинен бутсуздар өзгөчө айырмаланып турат. Денеси узун, сөөлжан сымал денеси жыйрылып кыймылга келет, буттары жок. Бул түркүмгө кирүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн денелери жумшак, жылаңач, тулку бою былжырак илээшкен тунук былжыр зат менен капталган. Бул түркүмдүн өкүлдөрү бир урууга киришет, 60 ашыгыраак түрү бар. Көбүнчө Түштүк Америкада, тропика же Африкада жана Түштүк Азияда таралган. Көрүнүктүү өкүлү шакек сымал червиянын дене уз. 50 смге жетет. Көбөйүү учурунда эркектери ургаачыларын уруктандырат. Жумурткасын сууга жакын жердеги ийинине тууйт. Жумурткасы 20-30га чейин болот. Ургаачысы жумурткасын басып чыгаруу учурунда кургатпас үчүн сыртынан оролуп курчап алып, денеси былжыр бездерди бөлүп чыгарып турат. Чегилип чыккан личинкалары сууга кирип, сууда өөрчүүсүн аяктайт. Б-дын өкүлдөрү кумурскалар жана алардын личинкалары менен азыктанат.

Dermophis mexicanus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү