Буурул-Тоотопоним. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйгө аш бергени элин көчүрүп келген Бокмурун Кыл-Эртыштеги Б.-Т-нун этегине конот. Географиялык реалияда Челек менен Кум-Кечүүнүн ортосунда жайгашкан тоо, бул жердин шордуу топурагынан өткөн замандарда жергиликтүү эл туз кайнатып алышкан. Эпосто бул туз жөнүндө да эскерилет: «Кайнатма тузга барамын, туз кайнатып аламын» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо журналы», 1979, № 7, 73-б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4