Бюджеттик система - экономикалык байланыштарга, мыйзамдуу нормаларга негизделген жана ага өз алдынча бөлүк болуп кошулуучу бюджеттердин (республикалык, жергиликтүү) жыйындысы.

Бюджет системасынын сапаты өлкөнүн социалдык-экономикалык түзүлүшүнө, ал эми аны уюштуруу мамлекеттин формасына, административдик түзүлүшүнө байланыштуу болот. Бюджет системасынын бирдиктүүлүгүн төмөндөгүлөр камсыздайт:

  • бирдиктүү мыйзамдык базасы жана бюджет документинин формасы;

бирдиктүү бюджет классификациясы (кирешелердин жана чыгымдардын милдеттүү түрдөгү топтоштурулушу);

  • бюджеттердин жогоркусунан тартып, төмөнкү деңгээлине чейинки зарыл статистикалык жана бюджеттик маалыматтарды берип тургандыгы жана бирдиктүү акча системасы.

Бюджеттердин өз алдынчалыгы кирешенин менчик булактарынын болгондугу жана алардын пайдалануу багыттарын аныктоо укугу менен камсыз кылынат. Бюджеттердин бардык деңгээлдеринде балансталышы бюджеттик-финансы саясатынын зарыл шарты болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9