Бүктөлүүлөр – тектоникалык кыймылдардын же башка сырткы процесстердин таасиринен тоо тек катмарларынын толкун сымал ийилиши. Өзүнүн формасы, чоңдугу, бири-бири менен байланышы, пайда болуу убактысы (жашы) боюнча бүктөлүүлөр бир нечеге бөлүнөт. Ар бир бүктөлүүнүн ядросу, канаттары, жону жана октук бети болот. бүктөлүүлөрдүн өлчөмү ар кандай. Кээ бирлеринин туурасы бир нече 100 мге, кээде кмге жетсе, кээ бирлериники м же смден ашпайт. Жалпысынан бүктөлүүлөр антиклиналь жана синклиналъ деп бөлүнөт. Чоң өлчөмдөгү татаал бүктөлүүлөр антиклинорий жана синклинорий деп аталат. Бүктөлүүлөрдүн формалары да ар түрдүү: жайгашуусуна карата сызыктуу (созулуп жаткан) жана кыска же тегерек (брахиантиклиналь, брахисинклиналь). Бүктөлүүлөр туурасынан кесилишиндеги формасына карата тик, жантык, жатып калган, көңтөрүлгөн, ачык, изоклиналь, желпүүр (веер) сымал бүктөлүүлөр; ал эми жанаша жаткан бүктөлүүлөрдүн бири бирине карата жайгашуусу боюнча жарыш, кулиса, виргация сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Катуу тоо тек катмарларынын арасындагы жумшак тектердин катмары бирдей эле тектоникалык күчтүн таасиринен ойку-кайкы тартып, татаал бүктөлөт. Бул дисгармониялык бүктөлүүлөр деп аталат. Пайда болуу учурундагы тектоникалык шартка жараша платформалык (кумпага окшош, үзгүлтүктүү, германотиптүү), геосинклиналдык (сызыктуу, толук, альпинотиптүү) жана арабөк (алардын ортосундагы) бүктөлүүлөр деп ажыратылат. Тектоникалык кыймылда турган аймактардын өнүгүп-өөрчүшүнүн белгилүү бир учурунда пайда болгон бир тилкедеги тоо түзүлүштөрүнүн бүктөлүү комплекси бүктөлүү зонасы деп аталат. Бир нече бүктөлүү зонасы биригип, бүктөлүү системасын түзөт. Ортоңку жана четки массивдерден жана сырткы бүктөлүү системаларынан бүктөлүү облусу куралат. Буга Альп, Кавказ, Гималай, Түштүк Теңир-Тоо, Түндүк Теңир-Тоо жана башка бүктөлүү облустары мисал. Бүктөлүү облустары биригип, бүктөлүү алкагын курат (мисалы, Урал-Моңгол, Жер-Ортолук деңиз, Тынч океан жана башка бүктөлүү алкактары). Бүктөлүүлөр негизинен 3 жол менен пайда болот; а) тоо тек катмарларын бойлой таасир кылган күчтөрдөн б) тик багыт боюнча таасир кылган күчтөрдөн; в) чоң кысымдын таасири астында катмарлардын «агымынан» бүктөлүүлөрдүн натыйжасында катмарланган чөкмө тектердин түрдүү масштабда жана формада бүктөлүштөрү, ошондой эле жер кыртышында гранитметаморфизм кабаттары пайда болуп, ири тоо тизмектери келип чыгат; геосинклиналдуу зоналар (системалар, облустар, алкактар) бүктөлүү зоналарга (системаларга, облустарга, алкактарга) айланат.

Бүктөлүүлөр кыска мөөнөттө же бүктөлүү аймактын бардык жеринде бир мезгилде эле жарала койбойт, ал узак убакыт ичинде пайда болот. Мында тоо тек катмарлары дайыма эле бир калыпта тынымсыз бүктөлүүгө учурап турбайт, бүктөлүү процесси бирде күчөп, бирде басаңдап турат, кээде токтоп калат. Бүктөлүү процесси күчөп турган мезгил бүктөлүүлөрдүн фазасы деп аталат. Тектоникалык кыймылда аймактын өнүгүп-өөрчүшүндө бүктөлүү фазалар көбөйүп жана күч алып турган мезгил болот, бул учур бүктөлүү доору деп, ал эми тектоникалык циклди камтыган бүктөлүү процесстери бүктөлүү заманы деп аталат. Жердин тарыхында архей, карел, байкал, каледон, герцин, мезозой же киммерий жана альп сыяктуу негизги бүктөлүү замандары болуп өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү