Бөбөктөр үйү — төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдарды тарбиялоочу мамлекеттик мекеме.

Бөбөктөр үйүнө жетим балдар, жалгыз бой энелердин, ошондой эле сот аркылуу ата-энелик укуктан ажыратылгандардын, соттолгондордун балдары кабыл алынат. Ата-энеси белгисиз балдарды кабыл алганда ага ат коюлуп, фамилия берилет жана кабыл алуу актысынын негизинде ЗАГСка катталат. Бөбөктөр үйүнөн айрым балдар ата-энесине кетет, багып алууга берилет же 3 жаштан кийин мектепке чейинки балдар үйүнө жиберилет.

Бөбөктөр үйүнө түшкөн бала медициналык кароодон өтөт, балдарга медициналык жардам көрсөтүлөт, рационалдуу тамактандырылат (3—4 айына чейин эне сүтү берилет). Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ден соолугуна жараша тамактануу рациону түзүлөт. Балдардын тамактануусу врачтын көзөмөлүндө болуп, ден соолугун чыңоочу иш чаралар көрүлөт. Балдарга белгиленген убакта бардык эмдөөлөр жасалат. Ден соолугу начар балдар үчүн санаторийлик Бөбөктөр үйү бар же демейдеги үйдө атайын топтор ачылат. Борбордук нерв системасы, сүйлөөсү бузулган балдар үчүн адистештирилген Бөбөктөр үйү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8