Бөксө тоо – кургактыктын деңиз деңгээлинен бийик көтөрүлгөн (500 мден жогору), жайык жондуу, көбүнчө кашаттар менен чектелген кеңири аймагы.

Алардын үстүңкү бети басымдуу түрдө түзөң келет. Кээде терең өрөөндөр мындай жерди бир нече массивдерге бөлүп турат. Бөксө тоолордун чет жактары кокту-колоттуу.

Мисалы, Орто Сибир, Декан, Батыш Австралия, Чыгыш Африка бөксө тоолору. Кыргызстандагы Ички Тянь-Шандын айрым жерлери Бөксө тоолор тибине кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.