Орто Сибирь бөксө тоосу - Чыгыш Сибирде, Якутияда, Краснояр крайында жана Иркутск облусунун аймагында. Түштүгүнөн Чыгыш Саян, Байкал бою, Забайкалье кырка тоолору, батышынан Батыш Сибирь түздүгү, түндүгү менен чыгышынан Түндүк Сибирь ойдуңу жана Борбордук Якут түздүгү менен чектешет. Сибирь платформасынын аймагында жатат. Рельефине үстү тегиз платолор жана токол тоолор мүнөздүү (Енисей токол тоосу, Вилюй платосу; эң бийик жери –1701 м, Путорана платосу). Көп жылдык тоң кыртышы кеңири аймакты ээлейт. Климаты кескин континенттик, кышы узак жана суук, жайы жылуу. Жылдык жаан-чачындын саны 350–500 мм. Кен байлыктары: никель, жез, темир, таш көмүр, графит, таш туз, табигый газ. Дарыялары Түндүк Муз океанынын алабына кирет; ирилери Төмөнкү Тунгуска, Таштуу Тунгуска, Ангара, Лена. Кызыл карагайлуу токой басымдуу; түштүгүндө мырза кызыл карагай жана мырза карагай өсөт. Бөксө тоонун түн. бөлүгүндө тоо тундрасы, өрөөндөрүнө токойлуу талаа жана талаа ландшафттары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү