Бөрү-Баш
Бөрү-Баш — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы айыл. Бөрү-Баш айыл аймагына кирет.
Айыл
Бөрү-Баш
|
«Бөрү-Баш» үрөн чарбасынын аймагында. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында, Каракол суусунун сол жээгинде жайгашкан. Райондун борбору ― Каракол шаарынан 15 км түн.-батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 221 км аралыгында.
Калкы 3800 (2014); негизинен үрөн даярдоодо, алма өстүрүү, мал багуу жана картошка өстүрүүдө эмгектенишет. Орто мектеп, балдар бакчасы, маданият үйү, китепкана, медпункт бар. Кыштакта Соң. Эмг. Баатырлары К. Абдуллаев туулган.
Калкы
түзөтүүКалкы ― 2100 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.