Юнусалиев Болот Мураталиевич

Б. М. Юнусалиев‎»‎ барагынан багытталды)

Болот Мураталиевич Юнусалиев (Жунушалиев) (1913, азыркы Кемин району, Кичи-Кемин (Үч-Урук) айылы — 1970, Фрунзе) — кыргыз тил илимин негиздөөчүлөрдүн бири, түрколог, "Манасты" изилдөөчү, коомдук ишмер. Кыргыз Илимдер академиясынын академиги (1954), филология илиминин доктору (1954), профессор (1954), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1963). 1945—51-ж. Кыргыз ССРинин элге билим берүү министри, 1954—60-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору. 1965—70-ж. Кыргыз Илимдер академиясынын "Манас" секторунда улук илимий кызматкер.

Юнусалиев Б. М.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Болот Мураталы уулу Жунушалиев (паспортто - Юнусалиев) Кыргызстандын азыркы Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Үч-Урук айылында 1913-жылы туулган. Бул айыл кийин Кичи-Кемин айылынын бир бөлүгү болуп калган.

1945—51-жж. Кыргыз ССРинин элге билим берүү министри болуп иштеген.

1954-жылы филология илимдери боюнча доктор болуп, ошол эле жылы Кыргызстандын Илимдер академиясынын алгачкы академиктеринен болуп калган.

1954—60-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) ректору болгон.

1965—70-ж. Кыргызстан Илимдер академиясынын "Манас" секторунда улук илимий кызматкер болуп иштеген.

1970-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Манас таануудагы салымдары түзөтүү

"Манас" эпосунун орчундуу проблемаларын изилдөө ишине эпоско байланыштуу талаш-тартыштар кызуу жүрүп жаткан мезгилде — элүүнчү жылдардын баш чендеринде киришкен. Окумуштуу бул мезгилдеги изилдөөлөрүндө негизги көңүлдү "Манас" эпосунун келип чыгышы жана анын мазмуну чагылдырган доордун мүнөзү сыяктуу маселесине буруп, чыгармага бааны ал пайда болгон доордун мүнөзүнө карата берүү зарыл деген талапты койгон. Ушул ойду "Манаска" арналган биринчи эмгеги - "Манас" эпосунун доору жана келип чыгышы жөнүндө маселеге карата" деген макаласында ("Кызыл Кыргызстан", 1952, 12-май) чагылдырган. Ушул эле макала "К вопросу об эпохе и возникновении эпоса "Манас"" — деген ат менен "Советская Киргизия" газетасына да (1952, 23-май) жарыяланган.

Юнусалиев "Манас" эпосун изилдеп үйрөнүүгө арналып 1952-ж. Фрунзе шаарында өткөрүлгөн илимий конференцияда "Манастын" элдүүлүгүн тануу аракетин көргөн айрым докладчыларга, жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөргө катуу каршы чыккан (к. Конференция), эпос боюнча өзүнүн мурда жарык көргөн макалалардагы ойлорун тактап, кеңейтип баяндаган.

"Манас" конференциясынын чечимдерине ылайык эпостун курама вариантын түзүп, басмага даярдоого жетекчилик кылып, анын башкы редактору болгон.

Юнусалиевдин "Манас" эпосунун доору, келип чыгышы жөнүндөгү иликтөөлөрү кеңейтилген түрдө эпостун курама вариантынын кириш сөзүндө берилген. Кириш сөздө автор тарыхый лингвистикалык жана башкалар маалыматтарга таянып, "Манастын" чыгышына себеп болгон шарттар деп кыргыздарга каршы кара кытайлардын — кидандардын баскынчылык чабуулун 9—11-класстардын арасындагы окуяларды эсептейт.

"Манастын" курама вариантын түзүүнүн тажрыйбасынын урунттуу учурлары Юнусалиевдин ""Манас" эпосунун кошмо вариантын түзүүнүн тажрыйбасы жөнүндө" (Об опыте создания сводного варианта эпоса "Манас") деген Кыргыздын баатырдык эпосу "Манас" ("Кыргызский героический эпос "Манас", 1961) аттуу жыйнакта жарык көргөн көлөмдүү илимий макаласында баяндалган.

Юнусалиевдин орус тилинде Фрунзе шаарында 1968-ж. жарык көргөн ""Манас" кыргыз элинин баатырдык эпосу" (""Манас" героический эпос кыргызского народа", Фр., 1968) аттуу жыйнакка кирген көлөмдүү макаласы "Кыргыздын баатырдык эпосу "Манас" ("Киргизский героический эпос "Манас"") деп аталат [1].

Бул эмгегинде автор кыргыздардын ар түркүн оозеки чыгармачылыкка бай экендигин белгилеп, ошол бай мурастын ичинде өзгөчө орун ээлеген зор көлөмдүү "Манастын" жалаң ыр түрүндө түзүлгөндүгүнө көңүл буруп, бул көрүнүш элибиздин көркөм сөзгө, айрыкча ырга бөтөнчө көңүл бөлүп, чоң маани бергенинин далили экендигин белгилейт. "Манастын" дүйнө элдеринин бул чыгармаларынын арасында көлөм жактан теңдеши жоктугун фактылар менен көрсөтө келип, мындай абалдын сыры эмнеде экендигине кенен токтолот.

 
Манас эпосунун курама вариантын Кыргыз ССР Тил жана адабият институтунда талкуулоо, (1956).

Эпостун көөнө мүнөзүн ачып, ал адегенде көлөмү чакан, кара сөз түрүндөгү чыгарма болушу ыктымал деген божомолду айтып, ошол баяндын бара-бара кеңейтилип, бутактанып, көптөгөн башка чыгармаларды ичине сиңирип, көптөгөн доор, мезгилдердин изин камтып, маалыматтары менен байып, циклдештирилип, уландылары пайда болуп отуруп бүгүнкү көлөмдүк, көркөмдүк деңгээлине жеткен жолун белгилейт. Эпостун үч бөлүмүнүн сюжеттик схемасын ирети менен баяндап, талдоо жүргүзөт, окуялардын түрдүү варианттарындагы айырмачылыктарына көңүл бурат, эпостун башкы темасы менен идеясына, каармандардын образдарына мүнөздөмө берет, чыгарманын көркөмдүк касиеттерине, тилине байланышкан ойлорун айтат. [2]

Юнусалиев 1966-жылдан тартып "Манас" секторунда илимий консультант милдетин өтөп жаткан мезгилде "Манасты" кыргыз жана орус тилдеринде Москвадан илимий негизде бастырып чыгаруу, Сагымбайдын, Саякбайдын варианттарын жарыялоо иштерине активдүү аралашкан, сектордун бул багыттагы аракеттерине колдоо көрсөтүп, өз илимий аброю менен таяныч болгон, ал иштердин ийгиликтүү жүзөгө ашырылышын түздөн-түз Юнусалиевдин атына байланыштырууга болот. Юнусалиев "Манасты" илимий принциптерге ылайык бастыруунун негизги жоболорун иштеп чыгууда, эпостун орусча кыргызча тексттерин бастыруу үчүн түрдүү варианттардан окуяларды тандап алууда консультант гана болбостон активдүү аткаруучулардын биринен да болгон.

Ушуга ылайык сектордун чечими боюнча ал адамдын ысымы эпостун орусча-кыргызча басылыштарынын бардык китептеринде түзүүчүлөрдүн бири катары көрсөтүлүп келе жатат.

"Манастын" тексттерин басмага даярдоодо Юнусалиев мурда жарык көргөн курама вариантта кетирилген илимдик принциптерге туура келбөөчү кемчиликтерди кайталабоо боюнча көрүлгөн сектордун далалатын толук колдогон жана өзү баш болуп бул багытта активдүү аракеттенген.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

СССРдин Кызыл Жылдыз, Ардак белгиси ордендерин, бир нече медалдарды алган.

Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1963).

К.Тыныстанов атындагы сыйлыктын ээси (өлгөндөн кийин) (1996).

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

109 илимий эмгектин автору.

  • Юнусалиев, Болот Мураталиевич. Избранные труды / Редкол.: Б.О.Орузбаева (пред.) и др. - Фрунзе: Илим, 1985. - 509 с.
  • Основные проблемы кыргызского литературного языка. Фрунзе, 1954.
  • Кыргызская лексикология. Фрунзе, 1959.
  • Диалектическая база литературного языка. Фрунзе, 1962.
  • 0 состоянии исследованности кыргызского языка. Фрунзе, 1970.
  • Кыргызская диалектология. Фрунзе, 1971.

Пайдаланылган адабияттар түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 6 -сентябрь (аяк оона) 2017. Түп булактан архивделген күнү 9 -сентябрь (аяк оона) 2017.
  2. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_science_stalinism_academician_bolot_yunusaliev/28719375.html?nocache=1