Васкулит — кан тамыр капталынын сезгениши. Васкулит өзүнчө жана башка оорунун кабылдоосунан болушу мүмкүн. Инфекциялык жана инфекция - аллергиялык ооруларда (кызыл жүгүрүк, сепсис, баш келте жана башка) болот. Васкулитке ысытма, тери-геморрагиялык жана булчуң-муун оорулары, өтө арыктоо, жүрөк, бөйрөк, көк боор, өпкөнүн жабыркашы мүнөздүү. Көбүнчө кан тамырлардын тромбозу (тромбоваскулит) менен коштолот. Баштапкы васкулит өз алдынча ооруу болуп эсептелет. Бул ооруунун диагнозу жана дарылоосу врачтын же башка кесиптин ээсси: оториноларинголог, невропотолог, дерматолог, окулисттердин катышуусуз дарылоо мүмкүн эмес. Ошондуктан бул ооруу түздөн-түз ревматологдорго тиешелүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8