Вашингтон конференциясы

Вашингтон конференциясыБиринчи дүйнөлүк согуштан кийинки Ыраакы Чыгыштагы күчтөрдүн өз ара катнашын белгилеген конференция. АКШнын демилгеси менен 1921-жылы 12-ноябрдан 1922-жылы 6-февралга чейин Вашингтондо өткөн. Вашингтон конференциясына АКШ, Улуу Британия, Кытай, Жапония, Франция, Италия, Нидерланд, Бельгия жана Португалия мамлекеттери катышкан. Конференцияда Париж тынчтык конференциясынан (1919-1920) кийинки талаш суроолорду чечүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлган. Вашингтон конференциясында кабыл алынган документтер: Төрт державанын келишими (АКШ, Улуу Британия, Франция жана Жапония) Тынч океандагы аралдардагы ээликтер жана конфликттүү кырдаалдарда өзара макулдашылган чечимдерди кабыл алуу тууралуу; ага 1921-жылы 13-декабрда кол коюлган. Беш державанын келишиминде (АКШ, Улуу Британия, Жапония, Франция жана Италия) деңиз куралдуу күчтөрүн чектөө маселеси каралган. Келишимге 1922-жылы 6-февралда кол коюлган. Келишим биринчи кезекте АКШ, Жапония жана Улуу Британиянын кызыкчылыктарына жооп берген; ага кол койгон державалар 10 жылга ири кемелерди (линкорлорду) курууга мораторий жарыялаган жана бул класстагы кемелердин өз ара катышын (5:5:3:1, 75:1,75 ) аныктаган. Тогуз державанын келишими (АКШ, Улуу Британия, Франция, Жапония, Италия, Бельгия, Нидерланд, Португалия жана Кытай). Буга 1922-жылы 6-февралда кол коюлган. Өлкөлөр «ачык эшик» принцибин сактоо менен (к. «Ачык эшик» доктринасы) Кытайдын суверенитетин урматтоо, аймактык жана административдик жактан кол тийбестигин сактоо тууралуу макулдашышкан. Вашингтон конференциясын өткөрүүнүн демилгечиси катары чыгуу менен, АКШ державалардын Тынч океан аймагында макулдашылган саясат жүргүзүүсүнө жетишип, Жапониянын Кытайдагы таасирин төмөндөтүүгө жана Кытайды эксплуатациялоодо АКШнын ролун жогорулатууга, ошондой эле биринчи орунда турган Улуу Британиянын аскер-деңиз күчүн чектөөгө умтулган. Конференциянын катышуучуларынын алдындагы маанилүү маселелердин бири аймактагы революциялык жана улуттук-боштондук күрөштү болтурбоо болгон. Ошондуктан, Вашингтон конференциясына Советтик Россия чакырылган эмес, ал эми өз демилгеси менен келген Ыраакы Чыгыш Республикасынын делегациясы конференцияга киргизилген эмес. Вашингтон конференциясында кабыл алынган чечимдер Версаль тынчтык келишимин (1919) толуктап, Версаль-Вашингтон системасынын маанилүү бөлүгүн түзгөн. Бирок Вашингтон конференциясында жетишилген теңсалмактуулук абал узакка созулган эмес. Конференция аяктары менен Япония анда кабыл алынган чечимдерди кайрадан карап чыгуу саясатын баштаган жана 1931-жылы анын Кытайга кол салышы менен конф-янын чечимдери күчүн жоготкон.

Булактар түзөтүү