Вегетативдик гибриддештирүү

Вегетативдик гибриддештирүү (аргындаштыруу) - кыйыштырылган өсүмдүктүн бири-бирине таасир берүү кубулушу. Бул кубулуш Ч. Дарвиндин, Л. Бёрбанктын эмгектеринде каралган. Жемиш бактарынын жаңы сортторун чыгарууда В. И. Мичурин кыйыштырылган компоненттердин өз ара таасирин пайдаланган жана багбанчылыкта кеңири колдонулуучу ментор ыкмасын иштеп чыккан. Кыюу асты менен кыюу үстүн өз ара канчалык көп түрдүү болбосун, негизинен эки симбионттун азыктанышынын өзгөрүшүнө алып келет. Мында негизги түрдүк белгилери, генотиптик касиеттери өзгөрүлбөстөн сакталып калат. Ал эми мал чарбасында порода арасында жыныс бездерин же зиготаны көчүрүп жайгаштыруу, канды же анын курамындагы компоненттерди алмаштырып куюу, жаныбарлардын кан жүрүү жана лимфа системасын же алардын эмбриондорун бириктирип жаңы “гибрид” малды алуу, В. г. деп аталат. Айрым окумуштуулар мындай жол менен алынган малдын гибрид экендигин танат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү