Вегетатив органдары
Вегетатив органдары (өсүмдүктөрдө) — организмдин жекече тиричилигин камсыз кылуучу дене бөлүктөрү.
- Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктүн денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн Вегетатив органдары - сабак, жалбырак, тамыр.
- Жалбыракта фотосинтез, газ алмашуу жанa транспирация процесстери жүрөт; тамыр өсүмдүктү өскөн жерине бекитет жанa андан сууну, минералдык туз дарды алат; сабак жалбырак менен тамырды байланыштырат жанa денеге тирек болот.
- Вегетатив органдарынын тышкы жанa ички түзүлүшү алардын аталган функцияларын аткарууга ылайыктангап.
- Алар вегетатив көбөйуу кызматын да аткарат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.