Бул баракта бардык аталыш мейкиндиктеринде баракты түзүү механизми чагылдырылган. Катталган колдонуучулар гана талкуу барактарынан бөлөк барактарды түзө алышат.

Википедиянын бардык барактары али жок баракка өтүп, аны түзөтүп, жарыялоо менен түзүлөт. Төмөндө түзүлө эле баракка өтүү ыкмалары келтирилген.

1-ыкма: кызыл шилтеме боюнча өтүү

1.1. Барактан

Кызыл шилтеме али жок (түзүлө/жарыялана элек) баракка жолдойт. Сизге керек аталыштагы кызыл шилтеме кандайдыр бир баракта кездеши мүмкүн (мисалы, сиз түзөтүп жаткан макалада). Кызыл шилтемени чакылдатсаңыз түзүлө элек баракка өтөсүз.

Атмосфера басымынын өлчөмү түтүктөгү сымап мамычасынын бийиктиги боюнча аныкталат.

Курсор менен «сымап мамычасынын» деген сөз айкалышына келсеңиз «МИСАЛ (мындай барак жок)» дегенди көрөсүз. Шилтемени чакылдатсаңыз «МИСАЛ» деген түзүлө элек баракка өтөсүз.

Эске алыңыз: шилтеме окурманга көрүнүүчү текстке байланат, ал текст ар кандай болушу мүмкүн б.а. окурманга көрүнүүчү текст шилтеме тексти менен бирдей эмес болушу мүмкүн. Жогорудагы текстти булакты (вики-текстти) түзөтүү режиминде түзөтсөңүз төмөнкүнү көрмөксүз:

Атмосфера басымынын өлчөмү түтүктөгү [[МИСАЛ|сымап мамычасынын]] бийиктиги боюнча аныкталат.

«МИСАЛ» — шилтеме тексти, «сымап мамычасынын» — окурманга көрүнүүчү текст.

Көргөнүңүздөй шилтемени берүү үчүн чарчы кашаалар — «[[]]», айрым учурларда, мисалы, сөздүн жөндөмөсүн өзгөртүү керек болгондо «|» белгиси да колдонулат.

Мисалы, «атмосфера басымы» деген сөз айкалышын аталган кашааларга алганыңызда [[атмосфера басымы]] тийиштүү баракка шилтеме берилет: атмосфера басымы. Ал эми, «Атмосфера басымы» макаласына шилтемебизди «атмосфера басымынын» илик жөндөмөсүндөгү сөз айкалышына байлоо үчүн «|» белгиси колдонулат [[Атмосфера басымы|Атмосфера басымынын]]:

Атмосфера басымынын өлчөмү түтүктөгү сымап мамычасынын бийиктиги боюнча аныкталат.


Эске алыңыз: Кээ бир кызыл шилтемелер туура эмес берилгени үчүн барак жаратууга жарабашы мүмкүн. Мындай учурда аларды каалаган түзөтүү режиминде туурасына оңдоп койсоңуз болот. Түзөтүү режиминде да шилтемелер боюнча өтсө болот.

1.2. Издөө жыйынтыгынан

Издөө тилкесине барактын аталышы катары түзгүңүз келген текстти терип, издөө баскычын басыңыз. Терилген аталыш али жок болсо, техникалык чектөөлөр жок болсо жана жаратылуудан корголбосо, «Издөө жыйынтыгы» барагында кызыл шилтеме чыгат.

2-ыкма: URL’ди өзгөртүү

Браузериңиздин дарек тилкесин карасаңыз бул барактын URL дарегин көрөсүз: ky.wikipedia.org/wiki/Википедия:Баракты түзүү. Даректе көргөнүңүздөй ушул барактын аталышы камтылууда. Даректеги «Википедия:Баракты түзүү» дегендин ордуна «Атмосфера басымы» дегенди терип, enter баскан болсоңуз — тийиштүү макалага багытталасыз.

Ошентип эле жок барактын аталышын терип, өтсөңүз болот. Бирок, мында эскертүүчү текст чыгарылат, ошондой аталыш менен барак ача аласыз деген шилтемени бассаңыз эле ал баракты түзө аласыз.