Википедия:Сомо/Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

АсУКыргыз Республикасынын ӨкмөтүКыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы. Өкмөт өзүнүн ишинде Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.

Өкмөттү Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.

Ыйгарым укуктары

түзөтүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ишинде Конституция жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамы менен каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында өз иши үчүн жоопкерчиликке жана отчет берүүчүлүккө негизденет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык төмөнкү ыйгарым укуктарын ишке ашырат:

  • Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;
  • мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;
  • мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
  • мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
  • финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
  • республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуш кылат жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет;
  • менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;
  • социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
  • экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
  • тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;
  • жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;
  • Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Конституция менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына таандык болгон, ошондой эле Конституция жана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон маселелерден тышкары, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.

Түзүмү жана курамы

түзөтүү

Өкмөттүн курамына министрликтер жана мамлекеттик комитеттер кирет. Өкмөт Премьер-министрден, биринчи вице-премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.

Түзүмү жана курамы Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Өкмөттүн түзүмүн жана курамын өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-министр тарабынан демилге кылынат жана Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.

Өкмөт мүчөлөрү

түзөтүү
Кызмат орду Сүрөтү Аты жөнү Партиясы Кызматка келген күнү

Премьер-министр
Улукбек Марипов   3-февраль, 2021
Вице-премьер министрлер
Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков   3-февраль, 2021
Вице-премьер-министр -

экономика жана финансы министри

Улукбек Карымшаков   3-февраль, 2021
Министрлер
Өкмөт аппаратынын жетекчиси — Министр Женишбек Асанкулов   3-февраль, 2021
 
Коргоо министри
Таалайбек Омуралиев 3-февраль, 2021
 
Тышкы иштер министри
Руслан Казакбаев   3-февраль, 2021
Ички иштер министри Улан Ниязбеков   3-февраль, 2021
Юстиция министри Асель Чынбаева   3-февраль, 2021
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев   3-февраль, 2021
 
Айыл, суу чарба жана аймактарды

өнүктүрүү министри

Аскар Жаныбеков   3-февраль, 2021
Транспорт, архитектура, курулуш

жана коммуникациялар министри

Гулмира Абдралиева   3-февраль, 2021
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев   3-февраль, 2021
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев   3-февраль, 2021
Саламаттык сактоо жана

социалдык өнүктүрүү министри

Алымкадыр Бейшеналиев   3-февраль, 2021
Маданият, маалымат, спорт жана

жаштар саясат министри

Кайрат Иманалиев   3-февраль, 2021
Мамлекеттик комитеттер
Улуттук коопсуздук

мамлекеттик комитетинин төрагасы

Камчыбек Ташиев 3-февраль, 2021

Шилтемелер

түзөтүү