Виктория шаркыратмасы
Виктория шаркыратмасы - Дүйнөдөгү эң ири шаркыратмалардын бири, Түштүк Африкадагы Замбези дарыясында. Бийиктиги 120 м, туурасы 1800 м. ГЭС курулган. Туризм өнүккөн. Шаркыратманы жергиликтүү эл Моси-Оа-Тунья («дүңгүрөгөн түтүн» деген мааниде) же Сеонго («Көкжеле») деп атайт. Суусунун орточо чыгымы 1400 м3/сек чамасында (өтө өзгөрүп турат). Виктория-Фолс (Зимбабведе) жана Мосп-Оа-Тунья (Замбияда) улуттук парктарынын курамында. Шаркыратманы 1855-ж. Д. Ливингстон ачып, аны англиялык королеванын урматына атаган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кпргизилген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4