Ногин, Виктор Павлович (парт, жашырын аты Макар ж. б.) [2(14). 2. 1878, Москва — 22. 5. 1924, ошол жерде] — советтик мамл. жана парт, ишмер.

  • 1898-жылдан Компартия мүчөсү.
  • Приказчиктин үй-бүлөсүнөн. «Искранын» агенти. С.-д. «Рабочее знамя» тобунун мүчөсү болгон.
  • 1898-ж. Полтавага айдалган.
  • 1900-ж. Лондонго кеткен. В. И. Ленин менен кат алышып турган, кийин (Мюнхенде) жолугушкан.
  • 1905-ж. Петербург, 1906-ж. Баку, 190608-ж. Москва парт, комитеттеринин мүчөсү.
  • Жети жолу камакка алынып, сүргүнгө айдалган. Реакция жылдарында меныпевиктерге келишкич позиция да болгон.
  • 1917-ж. февралдагы бурж.-демокр. рев-ядан кийин жумушчу депутаттарынын Моск­ва советинин пред-лине орун басар.
  • 1917-ж. сентябрдан пред-ль. 1-шайд. ББАК мүчөсү. Биринчи ЭКСте соода жана өнөр жай эл комиссары.
  • 1917-ж. 17- ноябрда партиянын Борб. Комитетинин саясатына макул эместигин бпл- дирип, ЭКСтин составынан чыгаруу жөнүндө өтүнгөн. Кийин каталыктарын мойнуна алган.
  • 1918-жылдан Эмгек комиссарынын орун басары, Бүткүл союздук эл чарба Советинин Пре­зидиум мүчөсү.
  • 1922-жылдан өмүрү- ги акырына чейин Бүткүл россиялык текстиль синдикатынын башкарvасынын пред-ли.
  • Партиянын 5, 6- сьездинде жанa 7-конф-яда БКга мүчөлүккө, 9-съездде Борб. текшерүү томпссиясына мучөлүккө шайланган. 192124-ж. РКП (б) нин Борб. текшерүү комиссиясынын председатели.
  • Сөөгү Кызыл аянтка коюлган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.