Вильнюс университети (лит. Vilniaus universitetas) - Литвадагы эски жана ири окуу жай, ири илимий борбор.

1597-ж. Вильнюс академиясы деп негизделген. Адегенде ан­да диний, философиялык, кийин укук, мед. (1641-жылдан) факультеттер ачылган. Академия рим-католик чиркөөсүнүн мүдөөсүн көздөгөн. 1773-ж. Литвадагы иезуиттер ордени жоюлуп, академия Улуу Литва княздыгынын Башкы мектеби, 1796-ж. Башкы Ви­лен мектеби, 1803-ж. императордук Вилен ун-ти деп аталган. 1832-ж. университет жабылып, мед.-хирургия жанa диний академия болуп түзүлгөн. 1919-жылдын башында Литва совет өкмөтү улуттук Вильнюс университетин ачуу жөнүндө декрет кабыл алган, бирок Вильнюсту Польша басып алганга байланыштуу ал ишке ашкан эмес.

Вильнюс университети 20 жыл бою Польшанын карамагында болгон. Литвада Совет бийлпги калыбына келген соң (1940), Вильнюс университети сов. ири жог. окуу жайга айланган. 1955-ж. ага револю­ционер В. Капсукастын ысыыы коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.