Башбаракты ачуу

Виссарион Григорьевич Белинский (30 мая [11 июнь] 1811, Свеаборг чептиги, Финлянддык улуу князчылыгы — 26 май [7 июнь] 1848, Санкт-Петербург) – орус демократ, адабият сынчысы, философ, төңкөрүшчү.

Виссарион Белинский
Vissarion Belinsky by K Gorbunov 1843.jpg
Толук аты-жөнү Виссарион Белинский
Төрөлгөн 11.6.1811
Хельсинки чептигинде, Финлянддык улуу князчылыг
Көз жумган 7.6.1848
Санкт-Петербург, Орусия империясы
Аймак Адабий сынчы, публицистика
Кызыккан темалар адабий сынчы , жазуучу, публицист, философ

Сынчы катары Орусиянын коомдук кыймылына олуттуу таасир тийгизген. Философ катары Гегелдин окуусун, диалектикалык методун өркүндөтүп, орус тилине батыш Европа философиялык адабиятынан биртоп түшүнүктөрдү киргизген.

Искусствонун конкреттүү – тарыхый эстетика жана адабий сындын шарттарын иштеп чыккан. Белинский өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашында «абстрактуу каармандык», «сулуу жандын чындык менен согушу» жагдайларынан 19-кылымдын 30-жылдарынын аягында Гегелдин философиясынын таасири астында «чындык менен макул болуу» этабын өткөн. Коомдук кубулушту дүйнөлүк аң-сезимдин өнүгүүсүнүн бир этабы катары карап, адам баласынын дүйнөлүк аң-сезимге каршы күрөшүүгө укугу жок деп эсептеген.

1841-жылдан Белинский революциячыл демократизмге, утопиялык социализмге, кийинчерээк атеисттик жана материалисттик позицияга өтөт.

Колдонулган адабияттарОңдоо