Виши өкмөтү (фр. le régime de Vichy), расмий аталышы — Француз мамлекети (фр. l'État français) — 2-дүйнөлүк согуштун учурундагы француз өкмөтү. Виши шаарынын атынан аталып калган.

Француз мамлекети
фр. État français

Кызматташуу өкмөтү
Өкмөт сүргүндө (1944—1945)

10-июль 1940 — 25-август 1944



Желек Герб
Ураан
Эмгек, Үй-бүлө, Ата Мекен
фр. Travail, famille, patrie
Гимн

"La Marseillaise"

Борбор калаа Париж (де-юре)

Виши (де-факто)
Зигмаринген (1944—1945, өкмөт сүргүндө)

Тил Француз тили
Дин католицизм
Акча бирдиги франк Виши
Башкаруу формасы авторитардык диктатура

Франциянын мамлекет башчысы
 - 1940—1944 Филипп Петен
Премьер-министр
 - 1940—1942 Филипп Петен
 - 1942—1944 Пьер Лавал
 - 1944—1945 Фернан де Бринон
Өтүүчүлүк
Үчүнчү Франция Республикасы
Француз Республикасынын Убактылуу өкмөтү

Тарыхы түзөтүү

Париж менен бирге Франциянын түндүк бөлүгү фашисттер тарабынан оккупацияланышы менен 1940-ж. 22-июнда жарашууга кол коюлган жана Виши шаары мамлекеттин борборуна айланган. 10-июлда парламент бийликти маршал А. Ф. Петенге берген. Ошентип Үчүнчү республика өз жашоосун токтоткон. Франция территориясынын 1/3 бөлүгү Виши өкмөтүн карамагында болгон. Петен өлкөнүн кыйрашынын негизги себеби катары демократиялык түзүлүштү күнөөлөп, өлкөнүн аталышындагы республика сөзүн колдонбой, өзүн «Француз мамлекетинин башчысы» деп жарыялаган. Тышкы саясатында Петен Германия менен кызматташууну колдоп, бардык саясий партиялар таркатылган жана профсоюз уюмдарына тыюу салынган. Үчүнчү республиканын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери сот жообуна тартылып, 75 миң чет элдик еврейлер нацисттерге берилген. 1944-ж. өлкө аймагынан германиялык аскерлердин чегинүүсү менен Виши өкмөтү жоюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү