Волга бою дөңсөөсү - Волганын оң жээгинде, Горький шаарынан Волгоград шаарына чейин созулуп жатат.

Басымдуу бийиктиги 150—200 м, бийик жери 367 м, туурасы 500 км ге че­йин. Дөңсөө жылга-жыбыттуу, Волга жагы тик, Ока-Дон ойдуңуна карай жантайыңкы. Башкы «тоолору»: Змее­ва, Жигули, Столбичи. Волга бою дөңсөөсүнө рельефтин структуралык формаларын түзүүчү тектоникалык валдар, бүктөлүүлөр мүнөздүү. Аки таш теги, чо­по, кум, мергель ж. б. борпод тоо тектеринен түзүлүп, карст кубулуштары өнүккөн. Нефть, күйүүчү газ, асфальт, фосфорит ж. б. алынат. То­койлуу талаа жана талаа ландшафтта­ры басымдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.