Галактикалык тумандуулуктар
Галактикалык тумандуулуктар — суйдаң газдардан түзүлгөн булуттар менен чаңдардан турган түрдүү формадагы асман объектилери.
Галактикалык тумандуулуктар түрү боюнча планеталык жанa диффузиялык, физ. табияты боюнча газ, чаң жана газ-чаң тумандуулуктарга бөлүнөт. Планеталык тумандуулуктардын сырткы көрүнүштөрү алыскы планеталардын (Уран, Нептун) дискасына окшош болгондуктан ушундайча аталып калган. Формасы тегерек же эллипс түрүндө болуп, жарыктануулыары бир калыпта болбойт да, ядролорунун темп-расы 30 000—100 000°Сге жетет. Алардын составында көбүнчө суутек, мындан тышкары гелий, кычкылгек, азот, көмүртек ж. б. жедил элементтер кездешет. Тумандуулуктардын кабык (оболочка) массасы Күн массасынын 0,01—0,1 бөлүгүн түзөт. Биздин Галактикада бир нече ондогон миң Галактикалык тумандуулуктардын болушу болжолдонот. Алардын 400дон ашыгы белгилүү.
Диффузиялык тумандуулуктар метеорит чандары менен газдардан түзүлген булут түрүндө болот да жарыкты өзүлөрүнө жакын жайгашкан өтө ысык жана жарык жылдыздардан алат. Жылдыздан алыс, бирок өзү жарык берип турган булуттар да кездешет. Диффузиялык тумандуулук үч класска бөлүнөт: эмиссиялык, чагылдыруучу жана күңүрт тумандуулуктар. Булардын массасы Күндүн 10дон тартып бир нече миңге чейинки массасын түзөт, ал эми температурасы 10 мин градуска жетет. Күдүрт тумандуулуктар Саманчы Жолунан көп байкалат. Алар көп сандаган жылдыздардын жарыгы менен даана бөлүнөт. Күңүрт тумандуу.туктар космостук чаң болгондуктан, жылдыздардын жарыгын жутуп алышат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.