Галиция-волынь княздыгы — Галиция жана Владимир-Волынь княздыктарынын биригишинин (1199) натыйжасында түзүлгөн феод, орус княздыгы.

Днестр, Висла, Нарев жана Припять дарыяларынын баш жагына жайгашкан. Галиция-волынь княздыгында кол өнөрчүлүк, шаарлар, феод, ири жер ээликтер өнүгүн, боярлар саясий жактан чон роль ойногон. Анын биринчи князы Роман Мстиславович (11701205-ж. башкарган) Киевди каратып, улуу князь титулун алган (1203). Ал өлгөндөн кийин Галиция-волынь княздыгы майда княздыктарга бөлүнүп, айрым жерлерин венгр жанa поляк феодалдары басып алган. Новгород князы М. М. Удалой Галициядан венгр феодалдарын кууп чыккан (1221) соң, Волында Даниил Романович (1221—64-ж. башкарган) бийликке келип, 1229-ж. Волынды, 1245-ж. бүткүл Түш.-Батыш Русту бириктирген. Д. Романович Алтын Ордого номинал вассал экенин (1245) таанып, аны м-н кылдат мамилелешкен. Г.-В. к-нын батыш чек арасындагы абалды бекемдөө үчүн Рим папасы Иннокентий IV -нүн өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдү пайдаланып, 1254-ж. король титулун алган жана чиркөө униясынан баш тартуу жолун тапкан. 13-к-дын 1-жарымында Галиция-волынь княздыгында мад-т кыйла жогорулап, китеп басуу, жыл баяны (летопись) кеңири тараган. 1259-ж. Галиция-волынь княздыгын монгол-татарлар басып алган. Даниил өлгөндөн кийин (1264)

Галиция-волынь княздыгы 4 майда княздыкка бөлүнгөн. 1340-ж. Галиция-волынь княздыгы Лит­ва улуу княздыгына кошулган. 1352-ж. Галиция Польшага, Волынь Литвага тийген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.