Баткен районундагы суу. Сохтун оң куймасы, Гавиан суусу менен кошулгандан кийин Сохко куят.
Узундугу 18 км. Алабынын аянты 156 км². Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2920 м.
Суу куралуу областына кирет.
Курук-Сай тоосунун түндүк капталынан агып түшөт. Жогорку бөлүгү Толбос-Көл аталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Чакан куймалар кошулгандан кийин, Тескей тоосунан өтүп өрөөнгө чыгат.
Жылдык орточо чыгымы 0,25 м³/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат.
Сугатка пайдаланылат.
Жээгинде Сай, Сырт кыштактары жайгашкан.

Колдонулган адабият

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.