Гавиан агын суусуКадамжай районунда жайгашкан агын суу, Сох дарыясынын оң куймасы.

Гавиан агын суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 33 км
бассейндин аянты 237 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Баткен облусу
Район Кадамжай району

Гараты суусу кошулгандан кийин Сохко куят. Узундугу 33 км, алабынын аянты 237 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2900м. Суу куралуу облусуна кирет. Куруксай тоосунун түндүк капталынан агып түшөт. Жогорку бөлүгү кууш колот аркылуу агып, ортоңку бөлүгүндө Тескей тоосунан өткөндө өрөөнгө чыгат. Боюнда токой кездешет. Жылдык орточо чыгымы 1,90 м3/сек, эң көбү май–июнда, эң азы январь–февралда байкалат. Жээгинде Хайдаркен, Чечме, Ормош ж.б. кыштактар жайгашкан.Кобунчо сугатка пайдаланылат.

Булактар түзөтүү

  • Кыргызстан географиясы, Бишкек 2004