Гба́ри (агбари, гвари, гвали, гоали) — Нигериядагы эл. Алар Кадуна жана Гвара дарыяларынын жогорку агымында, ошондой эле Кадуна-Оква куймаларында жашашат жана Абуджа федералдык борбор аймагынын негизги калкын түзөт.
Гбари батыш (кванге, агбави, ямма) жана чыгыш (матаи, нгенге же ганган) болуп бөлүнөт.
Саны 700 миң адам.

Гбари

Уруу башчысы.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 700 миң адам
 Нигерия

Тили

гбари

Дини

Ислам,
Христианчылык,
Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Тил

Гбари тили Нигер-конго макробүлөсүнүн курамындагы бенуэ-конго уясынын нупе бутагына кирет. Ошондой эле хауса жана нупе тилдери кеңири таралган.

Дин

Гбари арасында мусулмандар, христиандар жана жергиликтүү салттуу ишенимдердин (ата-баба культу, Шеко кудайына сыйынуу) өкүлдөрү бар.

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиптер — кол менен иштетилген жер чарба (таруу, сорго, ямс, пахта) жана малчылык.

Кол өнөрчүлүк

Карапачылык, темир устачылык, булгаарычылык, токуучулук.

Кийим

Гбари жамбашка байланган кездемени кийим катары колдонушат. Кызыл охра косметикалык максатта да колдонулат.

Тамак-аш

Гбари элдеринин тамактануусунун негизин өсүмдүк тамактары (дан сорпо, ботко, кыям, ачуу татымал кошулган бышырылган жемиш тамыр) түзөт. Гбари элинин күнүмдүк рационунда сүт жана эт азыктары да бар.

Турак жай

Кепелери сокмо, планы тегерек, чатыры конус түрүндөгү чөп менен жабылган.

Коом

Чоң үй-бүлөлүү жамааттар коомдук уюмдун негизин түзөт. Аларда эркектердин союздары маанилуу роль ойнойт. Туугандык эсеп аталык болуп саналат. Нике вирилокалдык.

Тарых

Гбари аймактын автохтон калкы болуп саналат жана Абуджадагы (нгенге) гбарилер гана өздөрүнүн келип чыгышын Борну империясынын канурилеринен тартат. Колонияга чейинки мезгилде Абуджа алгачкы саясий бирикме (эмирлик) түзүлгөн.

Булактар түзөтүү